super.kg logo

Караколдо зордук-зомбулукка кабылган балдарга колдоо көрсөтүүчү борбор ачылды

 

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Каракол шаарында зордук-зомбулукка кабылган балдарга колдоо көрсөтүүчү борбордун ачылышына катышты. Бул тууралуу 17-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

"ЮНЕСКО балдардын укуктары жана эркиндиктерин коргоо боюнча биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат. ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен 2015-2017-жылдары калкты социалдык жактан коргоо боюнча программаны, анын ичинде балдардын укуктарын билбеген учурларды жоюуну талкууладык",- деди министр.

Анын айтымында, азыркы тапта өлкө боюнча психологиялык жактан колдоо көрсөтө турган 40тан ашуун борбор иш алып барат. Жогорудагы борбордун ачылышына Улуу Британиянын элчиси Жудит Фарнворт, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Юки Мокуо жана башкалар катышышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: