2014-жылдын биринчи жарымында 1300дөн ашык этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алышкан
2014-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган этникалык кыргыздардын саны 1322ни түздү. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган министрликтин аймактык бөлүмдөрү этникалык кыргыздар менен тыгыз иш алып барышууда. Салыштыруу иретинде айтсак, 2013-жылы КРнын жарандыгын алган этникалык кыргыздардын саны 5113тү түзгөн. Ал эми 1995-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандын калкынын саны 40 миңден ашык этникалык кыргыздар менен толукталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.