super.kg logo

Ош. Жалпы транспорт боюнча 30 миллион 863 миң сом салык төлөмү төлөнүшү керек, азырынча 8 миллион сом төлөнө элек

 

Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаардык мэриясынын демилгеси менен Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы жана Шаардык салык салуу кызматы транспорт салыктарын төлөө боюнча рейд өткөрүштү. Эскерте кетсек, транспорт төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Жалпысынан Ош шаары боюнча 62 353 унаа катталган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.  

Жергиликтүү бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Кушбак Ниязбековдун айтымында, жалпы транспорт боюнча 30 миллион 863 миң сом салык төлөмү төлөнүшү керек, учурда 22 миллион 800 миң сом төлөндү. Калган 8 миллион сом төлөнө элек. Бир автоунаага чыгарылган жылы, көлөмүнө карап 480 сомдон 7000 сомго чейин салык салынат. Салыкты убагында төлөбөгөндөргө мыйзам чегинде 2000 сом өлчөмүндө айып салынат.

"Салык салуу кызматкерлеринде унаа айдоочуларын токтотуп текшерүүгө атайын уруксаты жок болгондуктан, биз жол коопсуздук кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрүп жатабыз. Мындан ары да текшерүүлөр уланат",- деп билдирди Кушбак Ниязбеков.

Рейд учурунда салык төлөмүн төлөбөгөн 10дон ашуун автоунаа токтотулду. 7 унаа төлөмдү ордунда төлөшүп, калганы атайын айып короосуна киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: