super.kg logo

Уюштуруучулар: "Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата 7 күн, 7 түн тынбай "Манас" айтуу руханий иш-чарасы ийгиликтүү жүрүүдө"

 

“Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата өтүп жаткан руханий иш-чаранын алкагында 7 күн, 7 түн тынбай "Манас" айтуу саамалыгы ийгиликтүү жүрүп жатат” деп билдиришти бүгүн, 22-сентябрда уюштуруу тобунун мүчөлөрү.

“Азыркы күндө талбай улуу баянды айтып жаткандардын катарында Бакчиев Талантаалы, Баялиев Замир, Асанов Тилек, Сыдыков Дөөлөт, Исмаилов Улан жана Токтогулов Өмүрбек бар. Саякбай атабыз аян алган жерде 7 күн, 7 түн "Манас" айтууга бел байладык эле, 3 күн, 3 түндү ийгиликтүү өткөрдүк. Манасчылардын баары өздөрүн жакшы сезип жатышат. Бул жайга келип кеткендер жана манасчыларга бата берип, бата алгандар күндөн-күнгө көбөйүүдө”,- деп билдиришти.

Кошумчалай кетсек, иш-чара Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында өтүп жатат. Уюштуруучулар билдиришкендей, ага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев баш болгон бир катар жарандар барып, манасчыларга алкыш айтып кетишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.09.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Келип кеткендер жана манасчыларга бете берип, бата алгандар күндөн-күнгө көбөйүп жатат”.... тушунуксуз....???????
22.09.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жаткан жерин жайлуу кылсын. Анан 7 кун 7 тун деп ,,,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: