Дастан Догоев: “Биометрикалык маалыматтардын базасы иштей баштаганда фамилияны алмаштыруу, жашаган жерде каттоого туруу жеңилдетилет”
Бүгүн, 23-сентябрда “Жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо” жыйынында КРнын Каттоо кызматынын башчысынын орун басары Дастан Догоев: “Биометрикалык маалыматтардын реестри түзүлгөн соң жарандар бир гана паспортко ээ болушат”,- деп билдирди.
Анын айтымында, буга чейин айрым жарандар бир убакытта бир нече паспортторго ээ боло алган. “Мисалы, жакында Бишкекте бир ди-джей каза тапкан эле. Анын аты-жөнүн аныктап жатканда анын 4 паспорту бар экени белгилүү болгон. Ал эми биометрикалык маалыматтардын базасы иштей баштаганда фамилияны алмаштыруу, жашаган жерде каттоого туруу жеңилдетилет жана катталган жерге баруу милдетин жок кылат”,- деп түшүндүрдү Догоев. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-05
20:52
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















