super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго “Кыргыз тили” төш белгиси ыйгарылды

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго “Кыргыз тили” төш белгиси ыйгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 23-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин, министрликтердин, агенттиктердин, мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты. Салтанаттуу иш-чарада  КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов сөз сүйлөп, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин тапшырды.  

“Кыргыз Республикасында иш кагаздарды 100 пайыз мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткан бир гана министрлик бар – ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Бул министрлик биринчилерден болуп өзгөчө кырдаалдар боюнча сөздүк чыгарган”,- деди Э.Эрматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.09.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз урматуу жердеш... Ушундай жакшы ийгиликке жетишкенинизди куттуктаймын. Ушунунуздан жазбан олкобузго аз да болсо салым (башка итке минеерчилеп)кошконунузга ыраазыбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: