super.kg logo

Ош шаарында “Мен бармын. Мен өз укугумду билем” аттуу акция өткөрүлдү

 

30-сентябрда Ош шаарындагы “Алымбек датка” эс алуу борборунда “Мен бармын. Мен өз укугумду билем. Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан бүгүн, 1-октябрда билдиришти. Иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго адаптациялоо максатында уюштурулган. Ага үй-интернаттын, реабилитациялык борбордун жана бала бакчалардан 500дөн ашуун жаран келип катышты. 

Ош шаарынын вице-мэри И.Эргешов: “Иш-чаранын негизги максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген замандаштарыбызды унутта калтырбоо болуп саналат. Албетте, муну менен алардын кемчиликтерин толук толтура албайбыз, бирок ошол эле учурда мындай демилгелерди өнүктүрө бермекчибиз”,- деди.

Акциянын алкагында эстрада жылдыздарынын жана жаш таланттардын катышуусунда концерт коюлду. Кызыктуу оюндар уюштурулуп, балдарга белектер таратылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: