super.kg logo

Жарандар жогорку кызматтагыларды айыл жергесиндеги карыларга да көңүл бурууга чакырышты

 

Бүгүн, 2-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Шабдан айылынын тургуну Алтын Жанышбаева жогорку кызматтагыларды айыл жергесиндеги карыларга да көңүл бурууга чакырды.

“Жыл өткөн сайын айылда жашаган карылардын жашоо шарты кыйындап баратат. Жаштар чет мамлекеттерге иштеп келүү үчүн агылып жатышат. Ал эми карылар пенсияларына жашап, неберелери менен үйдө калышат. Бишкек шаарынын ичинде транспортто жүрүү үчүн карыларга тиешелүү жеңилдиктер каралган. Ал эми айыл жергесинде карылар мындай мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай, жол кирелерин 100 пайызга толук төлөп жатышат. Дары-дармектерди сатып алууда да карыларга жеңилдик жок. Жогорку кызматта иштеген жарандар да кийин карыйт, ошону эске алып бизге жардам көрсөтүшсө болмок”,- деп билдирди А.Жанышбаева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: