Бүгүн мамлекеттик туунун авторлорунун бири, этнограф Сабыр Иптаровдун сөөгү жерге берилди

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири, этнограф Сабыр Иптаровдун сөөгү бүгүн, 6-октябрда жерге берилди. Коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтүп, ага жакын санаалаштары, илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышышты. Жакындарынын билдиргенине караганда, Иптаров 4-октябрь күнү кан басымы жогорулап кетип көз жумган.
Иптаров “Этнопедагогикалык сөздүк” жана башка илимий, публицистикалык эмгектердин, ошондой эле бир катар публицистикалык макалалардын автору. Андан сырткары мамлекеттик туунун авторлорунун бири жана Бишкек шаарынын эн белгисин тарткан. 20-ноябрь күнү 58 жашка чыкмак.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.