Бишкекте депутаттар отургузган 400 кызыл карагайдын 320сы куурап калган




Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча комиссиясынын отуруму өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө аталган кеңештин депутаты Павел Десятников шаардагы "Ататүрк" сейил багында отургузулган 400 кызыл карагайдын 320сы куурап калганын айтты. “Бул бак-дарактарды отургузууга парламент депутаттары катышкан. Ар бир көчөттүн баасы 1200 сом турат. Жалпысынан 400 миң сомду жерге көмүп койгондой болду. Эмне себептен алар көзөмөлгө алынган эмес, эмнеге сугарылбай калды?”- деп депутат “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын жетекчилигинен сурады. Аталган ишкананын кызматкерлери бул суроо боюнча жайында суунун аздыгы себеп болгонун айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
2

Өзү булар баскан жерге чөп чыгат бекен?)))