super.kg logo

Кара-Балтанын тургундары “Жунда” заводунан шаарга өткөн канализациядан чыккан жагымсыз жыттардан ооруп калышууда

 

Бүгүн, 3-ноябрда маалымат жыйынында Кара-Балтанын тургундары “Жунда” мунай иштетүүчү ишканасынан шаарга кеткен борбордук канализацияны токтотуп, башканы орнотуу талабын айтышты. 

Кара-Балтанын 63 жаштагы тургуну Толгонай Ахматованын айтымында, аталган заводдун кытай кызматкерлери тарабынан ошол канализацияга зыян таштандылар ташталууда. “Бул калдыктар шаарга жетип, үйлөрдө, социалдык мекемелерде жагымсыз жыттарды чыгарууда. Мындан тышкары ачык люктардан да жыт чыгып, бүт көчөгө тарап жатат. Мындан улам айрым тургундардын ооруп калган учурлары да бар. Балдарыбыздын ден соолуктарына зыян тийбесин деп башка шаарлардагы туугандарга жөнөтүүгө туура келүүдө”,- деди ал.

Андан соң Т.Ахматова тургундардын талаптары тууралуу айта кетти. “Негизи, “Жунда” заводунун ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Тургундардын саламаттыгына терс таасир тийгизбей иштегенине макулбуз. Бул үчүн башка канализацияны салуу керек”,- деп пикири менен бөлүштү.

Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу, “Асыр” коомдук уюмунун көз карандысыз экологу Карыпбек Серенов өкмөт тарабынан кытай инвесторлоруна 217 гектар жер тилкеси берилерине нааразы болду. “Жунда” компаниясы тургундардын колдоосуна ээ болуш үчүн аларга ун, акча каражат берүүдө. Бул заводдун маселесин 4 жылдан бери көтөрүп келе жатабыз, бирок бийлик көңүл бурбай келет. Элде нааразычылык толуп, “Жунда” ишканасына каршы чыгып, басып алышы мүмкүн”,- деп толуктады Серенов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.11.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токотер жерин эле айткыла да бизге кооп акча бергиле унубузду чыгарбай жон эле уйдо жата беребиз сасык жытты жыттаап деп
03.11.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
atambai, булар акча сурап жатпайт өздөрүнү оилоп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: