Нарын шаарына биринчи жолу бассейн курулат
Нарын шаарына биринчи жолу бассейн курулат. Курулуш иштеринин башталышына депутаттар Чыныбай Турсунбеков менен Дамира Ниязалиева катышып келгенин 3-ноябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. "Нарын жылуулук берүү" ишканасынын директору Улан Айтиевдин айтымында, бассейндин узундугу 25 метр, туурасы 6 метр, тереңдиги 2 метр болот жана 4 тилкеден турат. Курулушка 13 миллион 850 миң сом жумшалып, аны 2015-жылдын 1-июнуна бүтүрүү пландалууда.
Депутаттар "Нарын жылуулук берүү" ишканасынын кышка даярдыгы менен таанышты. Ишканага баасы 2 миллион 300 миң сом турган жаңы от казан фильтри менен, 1 оор жүк ташуучу автоунаа сатылып алынганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















