Америка виза талап кылынбаган өлкөлөрдүн жарандарын текшерүүнү күчөтүүдө
Америкада жаңы
талаптар киргизилди. Ага ылайык, өлкөгө кирип жатканда виза талап кылынбаган өлкөлөрдүн
жарандарын текшерүүнү күчөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда чет элдик
маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Автор: Мальвина Уметбекова
“АКШга кирүү үчүн виза албаган 38 өлкөнүн, анын ичинде көпчүлүк Европа мамлекеттеринин жарандары кошумча паспорттук жана байланыш маалыматтарын бериши керек болот”,- дейт Американын ички коопсуздук боюнча министри Жей Жонсон.
Маалыматка ылайык, мындай кадамга барууга Сириядан батыш өлкөлөрүнүн паспорттору бар жарандар кайтып келиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам келип чыккан. Ошондой эле жакынкы арада Канадада өкмөттүк жайларды кайтарган эки жоокерге кол салуу эске алынып, Америкада федералдык имараттарды кайтаруу боюнча кошумча чаралар көрүлөрү айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.