super.kg logo

Жайыл районунда 25 турак жай авариялык абалда экени аныкталды

 

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда Жарандык коргоо боюнча комиссиясы жана райондун ӨКМ бөлүмү турак үйлөрдү текшерүү иштерин жүргүздү. Анда авариялык абалдагы 25 турак үйгө расмий бүтүм чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, авариялык абалдагы үйлөрдүн тизмеси Чүй облусу боюнча ӨКМ башкармалыгына берилген. ӨКМ бөлүмүнүн жана райондун жарандык коргоо боюнча комиссиясынын көзөмөлдөөсүндө дагы 30 турак үй бар экени белгилүү.

Кара-Балта шаарында 900 метр коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо боюнча иштер пландалууда. Иштер шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жарандык турак жай курулуш башкармалыгы тарабынан 2014-жылы үйлөрү авариялык абалда деп табылган 13 үй-бүлөгө 1 миллион 350 миң сом жардам көрсөтүлгөн.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: