Жалал-Абадда тышкы жарнактардагы “халал” деген сөздү “адалга” алмаштыруу демилгеси сунушталууда
Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндө илинген көрнөк-жарнактарды кыргыз тилинде жазуу боюнча шаардык мэрия менен Мамлекеттик тил комиссиясы биргеликте рейд жүргүздү. Анда "халал" деген жазууларды кыргыз тилинде "адал" деп жазуу керектиги айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Улуттук тилибиздин улуулугун, тазалыгын, тарыхыбызды, элибиздеги баалуулуктарды сактоо - бүгүнкү күндө зарыл иш. Мындай жарнактар акчанын кулу болгон, эне тилди курмандыкка салган бизнесмен-соодагерлердин кылып жаткан иши. Мындай мыйзамсыз көрүнүштөргө жол берилбеши керек”,- дейт Мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси Үпөл Асаналиева.
Рейддин алкагында башка тилде жазылган чоң көлөмдүү жарнактар алынып, айрымдарынын ээлерине эскертүүлөр берилди.
4

Супер-Инфо
super.kg видео
















Кочолордун аттарын да озгортуш керек, каяктагы ХХХ аттары коюлуптур.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.