Капиталдык курулуш башкармалыгы борбордогу 4 жол кесилишине жол чырак сатып алууга тендер жарыялады

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы баш калаанын көчөлөрүнүн 4 кесилишине жол чырак орнотуу боюнча сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.
Маалым болгондой, жол чырактар Бөкөнбаев – Тыныстанов, Кулатов – Элебаев, Л.Толстой – Фрунзе жана Шабдан баатыр – Шоокум көчөлөрүнүн кесилиштеринде орнотулмакчы.
Тендердик арыздарды кабыл алуу 2014-жылдын 21-ноябрына чейин улантылат. Сынактын шарттарына ылайык, жол чырактар ушул жылдын 31-декабрына чейин орнотулуусу пландалып жатат. Сатып алуунун жалпы суммасы 3,3 миллион сомду түзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.