super.kg logo

Маданият министрлигинин сайты хакердик "чабуулга" туш болду

 
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин расмий сайтына хакерлер "кол салышты". Сайттын ордуна мультфильмдеги каармандын сүрөтү жана социалдык тармактарга шилтеме көрүнүп турат. Бүгүн, 5-ноябрда SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз катчысы Марлен Соляной төмөнкүлөрдү билдирди: 
"Учурда сайттын техникалык жагын карап жатабыз. Ким тарабынан "чабуул" болгону аныктала элек. Башка сайттарга хакерлер чет өлкөдөн "чабуул жасашат" эмеспи. Мында да ошондой болушу ыктымал. Текшерүү үчүн атайын адистерди чакырдык, андан кийин УКМКга тийиштүү нота жиберебиз".
Мындан сырткары буга чейин да сайт хакерлердин "чабуулуна" туш болгонуна токтолуп: "Өткөн жылы жазында да сайтка "чабуул" болгон, бирок кайра оңдолгон эле. Бул жолу да сайт "чабуулга" туруштук бере албады көрүнөт. Сайтты ишке киргизүү боюнча адистер иштеп жатышат. Бир айдан кийин жаңыланат",- деди Марлен Соляной. 
Кыргызстанда жогорку мамлекеттик органдардын расмий сайттарына хакерлердин "чабуул коюшу" биринчи жолу болуп жаткан жок. Үстүбүздөгү жылдын август айында өкмөттүн сайты да хакерлердин "чабуулуна" туш болгон. 
2013-жылдын февраль айында Ички иштер министрлигинин сайтына, май айында Акыйкатчы институтунун сайтына, ушул эле жылдын октябрь айында Бишкек мэриясынын сайтына "кол салуу" болгон. Хакерлерге каршы иштей турган КРнын Президентинин аппаратында атайын бөлүм, ИИМдин алдында Кибер кылмыштуулукка каршы 10-башкы башкармалык бар экенине карабай фактылар боюнча кандай жыйынтык чыкканы, тартип бузуучулар кандай жаза алып жатканы ачык айтылбай келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
05.11.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунтип оозунар ачылып олтура бергиле.!
05.11.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал озунордун лохтугунардан, керек болсо менин деле колумдан келет бул нерсе
05.11.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
880909 сенен ХХХ ХХХ ХХХ... деп
Модератор admin_portal түзөттү 05.11.2014 17:41
05.11.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elgiz0890 - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт.
05.11.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура тушунолу туугандар, илимий техникалык жетишкендиктерибиз жагынан биз арткы эле катардабыз да, коопсуздук чаралары боюнча алсыз элебиз алдынкы олколорго салыштырмалуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: