super.kg logo

Облустар аймагында быйыл 9 ай аралыгында 78 объектте жумуш жүргүзүлдү

 

Үстүбүздөгү 9 ай аралыгында облустар боюнча 78 объектте жумуш жүрүп, 43 объект пайдаланууга берилген. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-ноябрда ӨКМнын Өндүрүштүк-экономикалык башкармалыгынын башчысы Халилжан Маллаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго билдирди.  

Пайдаланууга берилген 43 объекттин ичинен: 6478 метр коргоочу тосмо (мындан оңдолгон тосмолор 4419 метр, курулган жана калыбына келтирилген тосмолор 2059 метр), 5 ички чарбалык көпүрө, 2 суткалык жөнгө салуу бассейни, 2 сел өткөрүүчү канал (узундугу 482 метр), 1 селден сактоочу курулма, 1 коллектордук-дренаждык түйүн жана 1 көп батирлүү турак жай үй курулуп, жыйынтыгында 14 143 кожолук, 1 кичи район жана 9147 гектар айыл чарба аянттары корголуп, сарпталган каражаттардын экономикалык натыйжалуулугу 24,1 эсеге жогору болгон”,- дейт Х.Маллаев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: