super.kg logo

“Бир бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы 7-ноябрь - Басма сөз күнү менен куттуктайт

 

“Бир бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн 7-ноябрь - Басма сөз күнү менен куттуктайт! 

"Ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат" демекчи, азыркы күндө жашоону маалыматсыз элестетүү кыйын. Телерадиоберүү, гезит-журнал, интернетсиз алдыга жылуу да болбойт. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын коом үчүн мааниси абдан жогору. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана көз карандысыз болгонуңуздар мамлекеттин өнүгүүсүн, демократиянын деңгээлин жана коомдогу эркиндикти аныктайт. Ошону менен бирге тынчтык менен ынтымак-ырашкерликти бекемдөөгө көмөктөшүүдө. Ар бир журналист өз өлкөсүнүн патриоту катары мамлекеттин көз карандысыздыгын бекемдөөгө, анын беделин  дүйнөлүк коомчулукта көтөргөнгө салым кошкону маанилүү.

Журналистиканын өнүгүшүнө өбөлгө болуп жаткан бардык гезит-журнал, радио, телекөрсөтүү, басмакана кызматкерлерин, ошондой эле бул тармакта иштеп кеткен ардагерлерди майрамы менен куттуктайбыз! Биз сиздердин эмгегиңиздерди жогору баалап, бекем ден соолук, бакыт, кесиптик чеберчиликтин өнүгүшүн каалайбыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: