super.kg logo

Нью-Йоркто мындан 13 жыл мурун террордук чабуулга кабылган Дүйнөлүк соода борбору кайра курулуп, ишке кирди

 
Нью-Йоркто мындан 13 жыл мурун террордук чабуулга кабылган Дүйнөлүк соода борбору кайра курулуп, ишке кирди.
Нью-Йорк. Соода борбору террордук чабуулга чейин.
Нью-Йорктогу кош мунарадагы Дүйнөлүк соода борбору 2001-жылы 11-сентябрда террордук чабуулга кабылып кыйраган. Арадан 13 жыл өткөн соң ал кайрадан курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жалпысынан жаңы Дүйнөлүк соода борборунун курулушуна 3,4 миллиард доллар керектелип, ал 8 жыл убакыт аралыгында сарпталган. Ал эми имараттын жалпы аянты 6,5 гектар жерди ээлеген. Бул имарат эми Америка Кошмо Штаттарындагы эң бийик имараттардын катарын толуктады. 

Маалым болгондой, имараттын 60 пайызы ижарага берилип, анын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн мамлекеттик кызматтар ижарага алуу боюнча келишим түзүлүүдө.

"Бийиктиги 541 метрди түзгөн бул имараттын эң бийик жерине жакынкы убакыт аралыгында шаарды бийиктиктен көрүүчү аянтча ачылмакчы. Бул аптада 104-кабаттан 109-кабатка чейин өлкөдөгү ири компаниянын биринин 170 кызматкери жайгаштырылмакчы. Ал эми 2015-жылдын башынан борборго дагы 3 миңге жакын кызматкер келип кошулуусу күтүлүүдө" деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2001-жылы 11-сентябрда Дүйнөлүк соода борборунун имаратын террорчу башкарган учак сүзүп, ал жарылган. Анын кесепетинен 2753 киши каза тапкан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.11.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
душмандын козуно деп тургузуп коюшту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: