Бишкекте жакын арада иттер менен чогуу барчу тамактануучу жай ачылат



Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде жакын арада иттер менен чогуу барып тамактануучу жай иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда SUPER.KG порталына аталган кафенин жетекчиси Ислам Сатаров билдирди.
Маалым болгондой, тамактануучу жайдын ичи 100 адамга эсептелинген. Ага келген кардарлар өздөрү да, төрт буттуу жаныбарларынын да курсагын тойгуза алышат.
“Башында кафебизге келген иттерди ветеринардык паспорттору боюнча каттоодон өткөрөбүз. Андан кийин аларды ээлери "эч кандай оорусу жок" деген медициналык тастыктама менен биздин тамактануучу жайга дайыма алып келе алышат. Ал эми кабанаак иттер үчүн биздин эшик жабык”,- дейт И.Сатаров.
Анын айтымында, учурда иттер үчүн меню даярдалууда. Ошондой эле алар үчүн атайын кичинекей столдор коюлуп, ал кожоюндарынын жанына жайгаштырылмакчы. Ал эми конокко келген иттерди зериктирбеш үчүн атайын мониторлордо иттер үчүн телекөрсөтүүлөр да уюштуруларын кошумчалайт И.Сатаров.



Ар бир колдонуучу порталдын негизги эрежелеринин негизинде өз ой-пикирин жазганга укуктуу. Жеке айтышууларга жол берилбейт.
оруп нетпейби
спонсор болуп жатабы? Албетте ал уйундо эчки бакса, сен эми маймыл багып алаарсын. Кудайды карап иш кылсан. Обу жок келин орсок уй саайт болбой.