Министрлик: Мигранттарды "кара тизмеден" акчалай сыйлыкка чыгаруу боюнча кызмат көрсөткөндөрдөн алыс болуу керек
КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги мигранттарды Орусиянын Миграция кызматынын "кара тизмесинен" акчалай сыйлык үчүн чыгаруу боюнча кызмат көрсөткөн ишканалардан алыс болуу керек экендигин эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, "кара тизмеден" чыгаруу боюнча убада берген белгисиз ишканалар пайда болууда. Булар өз кызматы үчүн 20 миң сомго чейин акча алып жатышат.
"Аталган тизмеден чыгаруу кыргыз-орус макулдашууларынын алкагында акысыз жүргүзүлөт. Бул милдетти КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги аткарат",- деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gundula

05.11.2014. 18:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана ошондой болсо бизде бир кошуна эженин куйоосу жок жесир аял кара тизмеге кирип калган экен оштогу аэррпортонуна барган экен кара тизмеден чыгарып берин арыз жазайын жашоо шартым оор десе,акча толойсун дептир.Кечс ыйлактап келди куйоомдун жылдыгын откорушум керек мен кантип акча табам деп.Же кыргызстанда жарытулуу жумуш жок чондорубуз сатынып эле атышат элди ойлобой.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.