super.kg logo

Борбор калаада Кыргызстанда жасалган органикалык жана табигый продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

 
Мөмө-жемиштерден жасалган компоттор.
Кургатылган мөмө-жемиштер.
Ар кандай гүл, дары чөптөр кошулган кургак чайлар.
Кыргызстандын бренди катары таанылган Өзгөндүн күрүчү.
Кургатылган мөмө-жемиштер.
Жаңгак дарагынан жасалган идиш-аяктар. Баасы 500 сомдон 3 миңге чейин.
"Быйыл Токтогул атанын 150 жылдыгына карата "150 жыл" деген жазуулары бар комуздарды жасадым",- дейт Нурадин агай. Анын комуздарынын баасы 1700 сомдон 9000 сомго чейин.
Кичинекей бөбөктөрдүн үйгө кийген чокойлору.
Жарманкеге коюлган шырдакчалар.
Кийизден жасалган чыптамалар.
Көргөзмөдө сатыкка коюлган бижутериялар.
Көргөзмөдө сатыкка коюлган бижутериялар.
Көздүн жоосун алган үйгө кийүүчү кийиз бут кийимдер.
Тондордун баасы 10 миң сомдон 400 долларга чейин.
Моюн орогучтардын баасы 150 сомдон 1500 сомго чейин.
Колго жасалган капчыктардын баасы 150-400 сомго чейин болууда.
Кыргызстанда булгаарыдан жасалган бут кийимдердин баасы 2,5 миңден 4 миң сомго чейин болууда.
Жарманкеге коюлган минералдык жер семирткичтер.
Кийизден жасалган баш кийимдер.
Миң дартка даба болгон дары чөптөр.
Бал азыктары.
Көз жоосун алып, табитти ачкан таттуу азыктар.

Бишкекте Кыргызстанда жасалган органикалык жана табигый продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Иш-чара 4-ноябрда башталган, 6-ноябрда жыйынтыкталмакчы.

“Бул жылы аталган жарманке Бишкекте үчүнчү ирет уюштурулууда. Ага өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан 80ден ашуун айыл чарба фермерлеринин өкүлдөрү катышып жатат”,- дейт жарманкенин уюштуруучусу Майрамбек Боронбаев.

Жарманкеге бал, эт, жумуртка, таттуу азыктар, чайлардын түрү, май, сыр, колбаса, дары чөптөрдүн түрлөрү, кургатылган мөмө-жетиштер жана жер семирткичтер коюлган. Ошондой эле кийим-кечелерди, тумак, жоолук, бут кийим, шырдактарды, кийиз жана жүндөн жасалган буюмдарды, косметика, бижутерияларды жана күнүмдүк жашоодо керектелүүчү миң түркүн нерселерди табууга болот. Белгилей кетчү нерсе, көргөзмөгө коюлган азык-түлүк жана кийим-кеченин баалары базардыкынан бир аз төмөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: