super.kg logo

Жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча 10 миңден ашык жаран окутулган

 

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 9 ай ичинде республика боюнча 10 015 жаран өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча окутулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, алардын катарында ЖОЖ жана орто окуу жайларынын окутуучулары, облустук жана райондук жергиликтүү бийлик башчылары жана өкүлдөрү, ӨКМдан билимдерин жогорулатышкан кызматкерлер да бар. Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан түштүк региону боюнча 9 айда 9484 жаран даярдалган. Анын ичинен Жарандык коргонуунун мамлекеттик системинин адистерин даярдоодо 8704 жаран, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери боюнча мектептерде окуучуларга сабак берген 780 мугалим окутулган.

Ошондой эле учурда бирдиктүү маалыматты башкаруу тутумун иштетүү боюнча адистерди окутуу иштери жүрүүдө. Жогорудагылардын негизинде Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматы-112, 101, 102, 103 кызматтары Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын мэрияларынын кызматкерлерине окутуулар өткөрүлүп бүткөндөн кийин бирдиктүү маалымат башкаруу тутумунун 3-компонентин камсыздоо жумуштарын аткарат. Учурда 135 адам окутулуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: