super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президент Турдакун Усубалиевди 95 жылдык мааракеси менен куттуктады

 

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевди 95 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: 

"Ардактуу Турдакун Усубалиевич! 

Сизди 95 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм! 

Дээрлик чейрек кылым бою сиз республикабызды жетектеп, мамлекетибиздин калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым коштуңуз. Сиз өлкөбүздү жетектеген жылдары СССРдин курамындагы Кыргыз ССРинин өнөр жайы, айыл чарбасы өнүккөн. Нарында ГЭСтер каскады курулуп, улуттук энергетиканын негизи түптөлгөн. Мамлекетибиз бутуна бекем туруп, билим берүү, илим жана маданият тармактарында алгылыктуу ийгиликтер жаралган. 

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында дагы сиз чыныгы жаратмандыгыңызды, ири саясий ишмер экендигиңизди далилдедиңиз. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары бир топ мамлекеттик маанилүү чечимдердин кабыл алынышына татыктуу салым коштуңуз. 

Сиз басып өткөн өмүр жолуңуз, зор эмгегиңиз - элге, Ата Мекенге кызмат кылуунун, эмгекчилдиктин, мээнеткечтиктин бийик үлгүсү. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюунун мыкты мисалы. Сиздин жакшы өрнөгүңүз жаштарыбызды жаратмандыкка жана мекенчилдикке үндөп турат. 

Эки доордо татыктуу өмүр сүрүп, азыр Кыргызстандын Баатыры, кадырлуу инсаны катары ак эмгегиңиздин акыбетин, элиңиздин сыйын көрүп турасыз. Жараткан сизге кылымдын бийик ашуусун багындырууга күч-кубат, дем берсин. Эгемендүү Кыргызстандын ардактуу, нарктуу аксакалы катары элибиздин сыймыгы болуп жүрө беришиңизге тилектешмин. 

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт-таалай каалайм! Кутман курагыңыз кут болсун!" 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: