Баткенде экстремизм-терроризмдин алдын алуу максатында семинар өтөт
Баткен облусунда бүгүн, 7-ноябрда жергиликтүү имамдарга экстремизм-терроризмдин
алдын алуу боюнча 2 күндүк семинар башталат.
Бул тууралуу муфтиятын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Иш-чаранын алкагында муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов экстремизм-терроризмдин алдын алуу максатында бир катар лекцияларды окумакчы. Ошондой эле адашуу, туура эмес багыттагы терс агымдардан коргоо боюнча кеңири маалымат берилет.
Семинарга жергиликтүү УКМКнын, ИИМдин, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.