super.kg logo

9-10-ноябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу ушул апта соңунда жана дүйшөмбү күнү Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 9-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Бердибаев, Термечиков, Ак-Муз, Жумабек, Рыскулов, Шымкент, Жибек Жолу көчөлөрүндө №2115,1500-трансформаторлорун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

10-ноябрда Волков, Кустанайский, Брестская, Власов, Очаковская, Садыгалиев, 9-январь, Вятская, Күрөңкеев, Ташкент, Манас, Кудрук көчөлөрүнө, Долонский, Офицерский тар көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.  

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кырман, Учкун, Лебединовка (Чүй, Ош, Нарын, Манас, Набережная көчөлөрү, Чоң Чүй канал тарап), Бер-Булак, Байтик, Арчалы, Таш-Дөбө (Горький, Ленин, Подгорная, Южная, Советская, Колхозная, Нарынская, Ала-Тоо, Кооперативная, Больничная, Аптечная, Первомайская, Ай-Булак көчөлөрү жана Зелёная тар көчөсү), Көк-Жар (Достук, Көк-Жар, Шабдан баатыр, Коңур Осмон, Егимбаев, Үмөталиев, Маликов жана Панорама тарап), Майское (Родниковая, Южная, Ала-Арча, Новая, Кара-Суу, Түлөбердиев, Виноградная, Жаш Гвардия, Сельская, Садовая, Совхозная, Набережная көчөлөрү, орто мектеп), Виноградное, Полевое, Прибойное, Октябрь (2-бөлүмү), Жайыл районуна караштуу Петропавловка, Полтавка айылдарында жарык өчөт. 

Мындан сырткары Сокулук районуна караштуу Сокулук (Черёмушка жана канаттуулар фабрикасы тарапта), Городская Селекция тарапта “Лебединовка”, “25-лет Киргизии”, “Кашка-Суу”, “Кара-Жыгач”, “Тепличная”, “Ленинская”, “Карл Маркс”, “Новониколаевка”, “Пиковая”, “Александровка” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: