super.kg logo

1-ноябрга карата өлкө аймагындагы ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 5642 адамды түзүүдө

 

Республикалык СПИД борбору маалымдагандай, 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 5642 адамды түзгөн.  

Белгилүү болгондой, ушул эле жылдын 1-сентябрына карата ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 5537 адамды түзүп, 2 айдын ичинде аталган илдетти 105 адам жуктурган. Буга чейин СПИД илдетинен 328 адам каза тапса, ВИЧ илдетинен 1040 адам каза тапканы белгилүү.

Маалым болгондой, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны боюнча төмөн көрсөткүчтө. Тилекке каршы, аталган илдетке чалдыккандардын саны ай санап өсүүдө. Алардын көбү баңгизат колдонуучулары болуп саналат, кийинки орунда жыныстык жол аркылуу жуктургандар турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: