super.kg logo

Кыргызстанда кар көчкү жүрүү коркунучу жогору

 
Бүгүн, 10-ноябрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ала–Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 60-100-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жогору жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Аталган аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы керектиги эскертилди.

"Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында 6-ноябрда өкмөттүн атайын буйругу чыккан",- деп билдирет министрлик. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: