super.kg logo

Баткен облусунан Сирияга согушка 34 киши кетип, алардын ичинен 8и каза тапкан

 

Баткен облусунан Сирияга 34 адам кетип, алардын ичинен сегизи ошол жакта каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин уюштуруу-тескөөчү бөлүмүнүн жетекчиси Кеңеш Абдрахманов билдирди.

"Облустан Сирияга согушка кеткендердин расмий саны 34 адамды түзүүдө. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, ал жакка 50гө жакын адам кеткен. Согушка кеткен жарандардын туугандарынын айтымында, алардын ичинен 8 адам набыт болгон. Согушка кеткендердин басымдуу бөлүгү Кызыл-Кыя шаарынын 20дан 40 жашка чейинки тургундары",- дейт К.Абдрахманов. 

Маалым болгондой, Сирияга согушка кеткендердин арасында аялдар да бар. Алар аталган аймакка күйөөлөрүнүн чакыруусу менен кетишкен.

“Сирияга кетип дайынсыз жоголуп кеткен кыргызстандыктар да бар. Алар каза болуп калган болушу мүмкүн, бирок учурда так маалымат жок. Чет өлкөгө кеткендердин көпчүлүгү окууга же жумуш издеп кетип, Сирияга өтүп кетип жатышат. Ошол себептен улам аталган аймакта Кыргызстандын канча жараны бар экендигин тактоого мүмкүнчүлүк жок. Учурда чет жакка диний окуу жайларга кеткен балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп, балдары кеткен окуу жай менен түзүлгөн келишимдер бар же жок экендиги аныкталууда",- деп кошумчалайт К.Абдрахманов.

Ошондой эле облуста Сирияга кетүүгө үгүттөгөн 3 жаран кармалган. Аларга карата 375-берене (жалданмачыны жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаарынын УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
10.11.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ордок учту окшойт? Фамилыя сы ким экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: