super.kg logo

Ош. Кир жуугуч жана муздаткычтарды чыгаруучу заводдон 1000ге жакын кир жуугуч машина жасалып, экспортко даярдалууда

 

Ош шаарындагы кир жуугуч жана муздаткычтарды чыгаруучу кыргыз-кытай биргелешкен заводунан 1000ге жакын кир жууган машина даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров билдирди.

“Кыргыз-кытай биргелешкен “Жим-Мей” ишканасы расмий түрдө 30-ноябрь күнү ишке берилет. Учурда анда Ош шаарынын 45 тургуну атайы чакырылган кытай адистери тарабынан окутулуп, алардын колунан миңдей кир жуугуч машина чыгарылды. Алар “Авангард” деген аталышта чыгарылууда жана сапаты жагынан айрым үлгүлөргө караганда бир топ өйдө. Анын баасы 95 доллардын тегерегинде болот. Кыргызстанда чыгарылган турмуш-тиричилик техникасын алууда эми бир топ жеңилдиктер пайда болот. Азыркы тапта кир жууган машиналарды Тажикстан жана Өзбекстанга экспорттоо боюнча бир катар сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле биздин кир жуугуч машиналарга Казакстандан да суроо-талаптар болууда”,- дейт З.Аскаров.

Анын айтымында, заводдо эмгектенген адистер башында 50 жарым автомат машина чыгарчу, азыр анын саны 80ге, учурда 160 даанага жетип калды. Жакынкы убакыт аралыгында күнүгө 200гө жакын кир жуугуч машина чыгаруу пландалууда.

“Завод 2 этап менен ишке киргизилет, биринчи этапта жалаң кир жуугуч машиналар чыгарылат. Ал эми 1-2 жылдан кийин муздаткычтар чыгарыла баштайт”,- деп кошумчалайт вице-мэр. 

Эске салсак, кыргыз-кытай биргелешкен “Жим-Мей” заводун ишке киргизүүгө 5 миллион доллар каражат сарпталган.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
18.11.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой тооба бизде да бирдеме чыгат экен го. Ушинтип пайдалуу иштерди жасаганына кубанычтуумун.
18.11.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой боой. Мен кутпогом мындай жанылыкты. Бизден да бирдеме онуп чыгат экен э? Албетте кытайлардын жардамы мн. Баракелде!!!)))
18.11.2014. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Uraaaa!!! bizde da zavoddor ishtep bashtaptyyyyyyrrrrr!!!
18.11.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баракелде ондурушту онуктуруш керек албетте алып сатмай нерседен бир тепкичке алдыга которулгону жакшы
18.11.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы кабар.
19.11.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой кудайга шугур, бизде жакшы жанылык
19.11.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер экспорт деп, озубузго асмандын баасы менен сатчу эле, ошону да контролдоп турса жакшы болмок
19.11.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дево машина чыгарабыз дегенде акчаны коп сураган экен. озбекстанга
курулган болот экенго курса 120 депутат 1ден курдуруп берсин жок дегенде самын чыгарган завот
20.11.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инвестрларды чоочутпаш керек,келген инвестрдан "шапке"сурабай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: