61 жаштагы боксчу Микки Рурк профессионалдык рингде беттеш өткөрүү алдында турат












Белгилүү Голливуд актёру, кезинде профессионалдык бокс менен алектенген Микки Рурк эртең, 28-ноябрда профессионалдык рингге кайтып келет. 61 жашта экенине карабай мындай чечимди чыгарган Рурктун атаандашы 29 жаштагы Эллиот Сеймур болмокчу. Беттеш Москвада өтөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Кошумчалай кетсек, Рурк бокс менен олуттуу түрдө 12 жашында машыгып баштаган. Белгилүү машыктыруучу Фредди Роучтун жетекчилиги астында ал 8 беттеш өткөрүп, анын алтоосун утуп алган. Кийин жаракатынан улам бокс менен коштошуп, тасмаларга тартылууга бел байлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KIPCHAK-KALMAK

27.11.2014. 17:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карыганына карабай озуну тыкан алып журот екен молодец
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.