super.kg logo

"Лондондогу аукциондо 390 миң долларга сатылган зер буюмдар Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган" дешет Маданият министрлигинен

 
Буга чейин кыргыз үй-бүлөсүндө бир нече кылымдан бери үй-бүлөлүк мурас катары сакталып келип, жакында Лондондогу "Сотбис" аукционунда 390 миң долларга сатылган зер буюмдар Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда SUPER.KG порталына КРнын Маданият министрлигинин статс-катчысы Марлен Соляной билдирди.

“Лондондо аукциондо сатылып кеткен зер буюмдарды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө Маданият министрлиги эч кандай документтерди берген эмес. Бул зер буюмдар маданий мурастарга таандык болгон соң, аны чет жакка алып кетерден мурда биздин министрликтен уруксат алууга тийиш болчу. Чынында, зер буюмдардын ээси Словакияга кетерде ал буюмдардын сүрөтү менен кайрылган экен, бирок аны алып кетүүгө эч кандай уруксат кагаздарын алышкан эмес болчу”,- дейт М.Соляной.

Маалым болгондой, учурда бул ишти иликтөө үчүн Маданият министрлигинде 10го жакын кишиден турган комиссия иш алып барууда.     

“Учурда "бул зер буюмдар Бажы кызматынан баалуу эмес деп эсептелип коё берилиши мүмкүн" деген божомолдор болууда. Бул маселе боюнча бир катар иликтөө иштери жүрүүдө. Комиссиянын жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы менен Лондонго нота жиберүүнү пландап жатабыз”,- деп кошумчалады М.Соляной. 

Эске салсак, “Үмүткор” аталыштагы зер буюмдары Лондондогу белгилүү "Сотбис" аукционунда 3-декабрь күнү 390 474 долларга сатылган болчу. Ал кыргыз үй-бүлөсүндө бир нече кылымдан бери сакталып келгени маалым. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
09.12.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайтарып алып келип ээсине тапшыргыла
09.12.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылычынды ташка чап эми....
09.12.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
390 миң долларга сатылып кетиптир деп акчанын суммасын коргондон сон аракетин жасашат, буга чейин эле баалуу мурастардын тизмесинен козомолдоп маалымат алып турса болмокда. Болду эми силерге кайтара турган жинди жок.!
09.12.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоок тороордо какылдачы эле, бул сапар торогондон кийин какылдап жатат ))))))))
09.12.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Deesmond, макулуктарга карата "төрөйт, төрөбөйт" сөзү колдонулбайт, адамга гана карата колдонулат. Макулуктар "тууйт". Ар бир сөздү стилдик, лексика-семантикалык жактан туура колдонсок. Кыргыз баласына минтип айтуу сыпайылыктын эмес, сабатсыздыктын белгиси болот.
09.12.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зер буюмдар жеке үй-бүлөнүн менчиги болгондуктан, сатабы, жок кылабы өзү билет. Тарыхый буюм катары аны мамлекет (музей)ушул убакка чейин сатып алышы керек болчу, эми ызы-чуу болушпай.
09.12.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал бетте озу билет озунун менчиги болгонсон,казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарса!мурда эмне кылып отурдунар эле эми нота жонотмоктон акорд жонотсонорда кайрып бербейт!же 390мин долларды болушойун деп ойлоп таптынарбы?налог толосун дегенсип!
09.12.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
390минди укканда коздору тостойо тушту да министрлердин,эми налогун эсептеп жатышкандыр.Кызарган нерсени корсом жулуп алам.
-деген созду ушулар чыгарса керек ха-ха.
10.12.2014. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коралбай жатышатт
10.12.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маданият министирлиги-оздук мулк деген мыйзам бар.Аукционго койобу башка кылабы мулк ээси озу чечет.Эгер кызыкдар болсо эмнеге алдын ала сатып алган жок маданият министирлиги?
10.12.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга чейин эмне кылып журдунор эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: