super.kg logo
  Саясат  

"Дордойдун" "Алканов" базарында сатуучулар митингге чыгышты

 
Гүлия Малаева
Замирбек Амантаев
Нургүл Исмаилова
Асел Карабаева

Бүгүн, 4-февралда "Дордойдун" “Алканов” базарында сатуучулар митингге чыгышты. Себеби аталган базардын башчылары 1-февралдан баштап унаа токтотуучу жайдын баасын 20 сомдон 50 сомго, ал эми даараткананын баасын 5 сомдон 10 сомго көтөрүп жиберишкен.

Малаева Гүлия аттуу сатуучу: “Чыңгыз Алкановго 1-февралда барганбыз. Ал "мен бул жерде бий, мен бул жерде ханмын. Контейнериңерди көтөрүп алып каалаган жериңерге баргыла. Биздин мамлекетке тиешебиз жок, билгениңерди кылып алгыла" деген”,- дейт.

Амантаев Замирбек, сатуучу: “Бул базарда бардыгы болуп 24 катар, ар бир катарада 80ге жакын контейненер бар. Соода өзү жакшы болбой жатканда баалардын кымбатташы туура эмес”.

Нургүл Исмаилова, сатуучу: “Учурда нан 15 сом болуп жатканда даараткананын 10 сом болушу акылга сыйбайт. Баалардын жогорулашы - чектен ашкандык”. Ушул сыяктуу нааразычылыктарды угуп, бул маселе боюнча аталган базардын жетекчилиги менен сүйлөшүүгө барганбыз. Ал жерден “Алканов” базарынын профсоюздар уюмунун өкүлү Асел Карабаева төмөнкүлөргө токтолду: “Чыңгыз Райканович жолду оңдоп, жаңы автобустарды сатып алып, бул жакка көп автобустарды каттатам деген ойдо бул бааларды кымбаттаткан. Биз сатуучулар менен сүйлөшүп, бири-бирибизди түшүнгөндөй эле болгонбуз. Дааратканага болгон баанын көтөрүлүшү боюнча айтсам, бул даараткана жаңы салынган, бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, ичи таза, ысык суу агат. Сатуучуларга 5 сом, ал эми базарга келген элге 10 сом болот дегенбиз, бирок каршы пикирлер болгондуктан, төлөмдөр кайра мурдагы калыбына келтирилди. Ал эми унаа токтотуучу жайга төлөмдөр 50 сом эмес, 30 сомго көтөрүлмөй болду”






Сатуучулар митингге чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: