Өлкө аймагында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт
Өлкө аймагында бүгүн, 12-декабрь - залкар жазуучу, кыргыз адабиятынын сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Борбор калаада "Айтматов-адамзат" аталыштагы эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Ал "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине баруу менен башталмакчы. Ошондой эле “Айтматов жана окуу” деген аталыштагы акция уюштурулат. Акциянын алкагында катышуучулар Ч.Айтматовдун чыгармасынан бир нече саптарды окуп, ал кайсы чыгармадан экенин табышат. Иш-чара педагогикалык окуу жайлардын ыктыярчыларынын көмөгү менен уюштурулмакчы. Майрамдык жана эскерүү иш-чаралары өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Анда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөлөрү, адабий кечелер уюштурулат.
Автор: Мальвина Уметбекова
Эске салсак, Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо бүгүн 86 жашка толмок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















