Дүйнөлүк бокс сериясы: Мушкерлер Азат Усеналиев менен Өмүрбек Малабеков Украинага машыгуу сборуна кетишти

Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясына катышуу үчүн “Украинские атаманы” жарым профессионалдык бокс клубунун катарына кошулган кыргызстандык мушкерлер Азат Усеналиев менен Өмүрбек Малабеков 11-декабрда Украинага машыгуу сборуна кетишти. Бул тууралуу бокс боюнча улуттук курамдын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди.
Анын айтымында, мушкерлер Киев шаарында машыгуу сборунда 15 күнчө болуп, 28-декабрда кайра Кыргызстанга кайтып келишет. Аталган серияда алгачкы беттештерин Азат менен Өмүрбек 2015-жылдын январь айында өткөрөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Коомдук этиканы сактаңыз.