2014-жылдын 10 айында өлкөдө орточо эмгек акы дээрлик 13 миң сом болду

2014-жылдын ноябрь айынын аягына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 58,4 миң адамды түзүп, 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,9 пайызга азайды. Бул тууралуу 16-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, орточо эмгек акынын реалдуу өсүшү 2014-жылдын январь-октябрында 1,5 пайызды түздү. Номиналдык туюнтууда орточо айлык акы 12 984 сом деңгээлинде түзүлдү.
Ал эми тышкы соода жүгүртүү, алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын январь-октябрында 5 809,1 миллион АКШ долларын түзүп, 2013-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 3,7 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт 1 264,7 миллион АКШ долларына, импорт 4 544,4 миллион АКШ долларына барабар болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
-1

бир тонна комур алгандан кийин омиий...
Дары дармек асмандын башы...
Азыр коп эл карыз куруз м.н
акчаны ары чоюп бери чоюп жашап жатышат..
Кабар Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча жазылган.
Эгер сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүздөр.