Идеалдуу мырза издеген кыз тууралуу "Иттей сулуу" кинокомедиясынын бет ачары болду
Башкы ролду жараткан Мээрим Атантаева, Камчыбек Жумабеков бет ачарга келген көрүүчүлөрдүн куттуктоо сөздөрүн угуп жатышты.


Башкы ролду жараткан Мээрим Атантаева, Камчыбек Жумабеков бет ачарга келген көрүүчүлөрдүн куттуктоо сөздөрүн угуп жатышты.

Модель жана актриса Мээрим Атантаева: “Өзүм жеке жашоодо Санатадай болбосом да, каарманымды жакшы түшүнөм".

Актёр жана режиссёр Камчыбек Жумабеков: "Бул тасма менен айымдарга идеалдуу мырза болбой турганын түшүндүрүүнү максат кылдык".

Фильмдин бет ачарына келген көрүүчүлөр тасманын каармандары менен сүрөткө түшүп жатышты.

Фильмдин сценарийин жазгандардын бири жана экинчи башкы ролду аткарган Тилек Чериков.

Башкы каарман Санатанын курбусунун ролун жараткан Мирзада Майчинова.

Тасманын бет ачарына Ассоль Молдокматова да келди.

Тасманын жаратуучулары.


Сахнада фильмдин жаратуучулары жана актёрлору.


Камчыбек Жумабеков тасмадагы эң кенже актёрду тааныштырууда.

Тасманы чыдамсыздык менен күтүп отурушкан көрүүчүлөр.

Тасмадан үзүндү.

Идеалдуу мырза издеген Санатаны унаа сүзүп ала жаздайт.


Саната курбуларына кыялындагы идеалдуу мырза кандай болушу керектигин айтып берип жаткан учуру.




Камчы Жумабеков Руслан аттуу мырзанын ролун кийме чач кийип аткарыптыр.














Бүгүн, 17-декабрда
Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Иттей сулуу” романтикалуу кинокомедиясынын
бет ачары болду. Тасманын режиссёрлору - Камчыбек Жумабеков жана Тилек Чериков. Башкы ролдорду Мээрим Атантаева, Мирзада Майчинова,
Замира Сатыбалдиева, Камчыбек Жумабеков, Тилек Чериков жана башкалар аткарышкан. Бюджети 15 миң долларды
түзгөн фильм толугу менен 8 ай аралыгында тартылып бүткөн. Тасма жаратуучулардын бири Камчыбек Жумабеков мындай дейт: “Тасма идеалдуу жигит издеген Саната
аттуу кыз тууралуу. Ал көптөгөн мырзаларды чанып жүрүп, Руслан аттуу жигитти
жактырып, аз убакыт эле сүйлөшүп турмушка чыгат. "Сырты жалтырак,
ичи калтырак" дегендей, мына ошондо анын кемчиликтери четинен чыга баштайт. Бул тасма менен айымдарга идеалдуу мырза болбой турганын түшүндүрүүнү максат кылдык. Эгер жигит
чындап сүйүп жатса, анын кемчиликтерине көз жумуп коюш керек. Айталы деген оюбуз
80 пайызга ишке ашты. Мээрим өзүнүн образын мыкты ачып берди. Сценарийди өзүм
жазгандыктан, тартуу учурунда менде кыйынчылык болгон жок”.
Автор: Динара Абдыкадырова
Фото: Динара Абдыкадырова
Мээрим Атантаева буларга токтолду: “Өзүм жеке жашоодо Санатадай болбосом да, бирок каарманымды
жакшы түшүнөм. Негизи, кыздар сүйгөн адамына турмушка чыгышы керек. Тартуу
процессинде жигит менен өбүшкөн учуру бар болчу. Бул нерсени аткаруу мен үчүн оор болду. Сценарийди
окуп чыкканда атама барып айткам. Ал "эгер бул нерсе керек болсо, тартыла бер" деп уруксатын берген. Ал көптөгөн дубль менен тартылды”.
"Иттей сулуу" тасмасынын трейлери
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

:-(