super.kg logo

Ырчы Жоодарбешим борбор калаада алгачкы жолу жеке концертин берди

 
Концерттин алып баруучулары Амантур Абдусалам уулу жана Жийде Зоотбекова.
Ырчы Жоодарбешим.
"Кыргыз двор" командасынын оюнчулары.
Ырчы Замир Арыкбаев.
Жоодарбешим апасына гүлдесте тартуулады.
Сахнага Жоодарбешимдин ата-энеси чыгып, уулуна ак батасын беришти.
Жоодарбешим жана Сайкал дуэт ыры менен.
Конок ырчы Айпери Кубик кызы.
"Кыз-Бурак" тобу.
Самын көбүкчөлөрүн кармоого кызыккан бөбөктөр.
Сахна сыртында.
Жоодарбешим, Сайкал, Ильяз.
Жоодарбешимге досу белекке домбра берди.
Жоодарбешим күйөрман кызы менен сүрөткө түшүп жатат.
Сахна сыртында чыгармачыл жамаат үчүн дасторкон жайылыптыр.

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2013-жылы “Жылдын супер дебюту” наамын жеңип алган ырчы Жоодарбешим 25-декабрда борбор калаада алгачкы жолу жеке концертин берди. Спорт Ордосунда орун алган тушоо кесүү концерти 1 саат кечигип көшөгөсүн ачты, ал эми күйөрмандары залдын 70 пайызын ээледи. Кечеде алып баруучулук милдетти актёр Амантур Абдусалам уулу жана телеалпаруучу Жийде Зоотбекова аркалашты. Келечектен көптү үмүттөндүргөн Жоодарбешим эл алдына чыгып, сүйүнүчү коюнуна батпай, толкунданып жатканын айтты. Өзүнүн башынан өткөн тагдырын ырга айланткан талант ээси ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап, хитке айланган ырларын жаңыртты. Алардын арасында кулакка сиңген “Өкүнбө”, “Жубайым болчу”, “Унутулбас махабатым”, “Жаман ойлобо”, “Кечир, таарынтсам эгер” аттуу кайрыктары болду. Анын ар бир номерин “Эксклюзив” жана “Миң кыял” тобунун бийчилери коштоп турушту. Бир канча музыкалык аспапта кол ойноткон ырчы концертинде аккордеон тартып, жандуу үн менен обон созду. Ошондой эле Жоодарбешим күйөрман кыздары берген гүлдестелерди көтөрүп, “Ата-энеме кат” ырын аткарып, апасынын алдына барып гүл тапшырды. Андан соң уулунун ийгилигине күбө болуу үчүн ат арытып Токтогулдан келишкен ырчынын ата-энеси сахнага чыгып, келген көрүүчүлөргө алкыш айтып, уулуна ак батасын беришти. Ырчыны куттуктап “Кыз-Бурак” тобу, Айпери Кубик кызы, Замир Арыкбаев, Ильяз Абдыразаков, Мажиттин карындашы Сайкал ыр белек сунушса, "Тамашоу" долбоорунун "Кыргыз двор" командасынын оюнчулары көңүлдүү маанай тартуулашты. 

“Концерт башталарга чейин маанайым абдан чөгүңкү эле. Борбор калаада жеке концерт берүү абдан оор экенин эми билип отурам. Жакшы уюштуруу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Айрыкча сахна жасалгасына басым жасадык. Элдин купулуна толду деп ишенем”,- дейт толкунданган Жоодарбешим. 






Жоодарбешимдин тушоо кесүү концерти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(56)
26.12.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайсыл жерден болот бул ырчы биринчи жолу корушум?
26.12.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сайкал Садыбакасованын таенеси жакында эле дуйно салды эле а бул концертте журотко азаа кутуу деген жокбу бул кызда?
26.12.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doolot, кайдан Сайкалды кордунуз?
26.12.2014. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amanatym, Кыз-Бурак деп эки кыз туратко бири Сайкал.
28.12.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жоодарбешим,келечекте мыкты ырчылардын бири болоруна ишенем.Эл учун журоктон сууруган ырлар жарата бер.
29.12.2014. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mavlyuda - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
SUPER.KG видео
31.12.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан жакшы концерт болду! Тушоо кесуу ушундай болгон сон калганы да мыкты болот го...
SUPER.KG видео
31.12.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоодарбешимдин продюсери Каниет мыкты продюсер,аз убакытта Жоодарбешимди чыгарып рекорд койду.Ар бир ырын жакшы коробуз.Жердеш иним алга.
SUPER.KG видео
31.12.2014. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз кайсы ырын ырдаган?
SUPER.KG видео
31.12.2014. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик досум!!!
SUPER.KG видео
31.12.2014. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жандуу унбу же фонограмабы?
SUPER.KG видео
31.12.2014. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айзат кыз журналистка катуу суйлоп коююптур ушу концертти коюш эле кандай кыйын озгочолук деп эле эми не кылыш керек сонун болуптур концерт ийгилик таланттуу жигит бар болсун!!!
SUPER.KG видео
31.12.2014. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ жаны ырлардан кочурсонуз Сайкал Мажиттин карындашы сонун ырдайт экен уну керемет чогуу ырдаган дуетти кочуруп коюнузчу жана Мажит менен апасына арнаган ырын дагы,Кенже эденин ырларын да куттуруп кочурбой атасынар го
SUPER.KG видео
31.12.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат.Алдыга чыга бер.Бул аракети продюсери Каниет Жыргалбеков менен Жоодарбешимдики.Башка тушоо кесуу концерттерден жогору болуптур.Эл баалайт эмгекти
SUPER.KG видео
31.12.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз Жоодарбешим концерт мыкты болуптур дагы да чыгармачылык ийгилик бар бол.
SUPER.KG видео
31.12.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен бул репортажды куттум эле,наконецто болду,ырларын бирин калтырбай суйуп угам,уну абдан жакшы,АЗАМАТ жакшы болуптур тушоо кесуу концерти ийгиликтуу отуптур,дагы да болсо ийгилик коштоп журо берсин жердешимди,дагы кутобуз жакшы ыр концерттеринди!!!МОЛОДЕЦ!ИЙГИЛТК!!!
SUPER.KG видео
31.12.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соонун болуптур.
SUPER.KG видео
31.12.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айпери турмушка чыккандан бери мурункуданда суулу болуп кеттиптир,
SUPER.KG видео
31.12.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы бир кызгыздын талантуу жигити,талантына таазим,талантын мындан ары да ташкындай берсин,аз убакыттын ичинде жакшы ийгилик деп ойлойм.
SUPER.KG видео
31.12.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9;42 de kantet ai?
SUPER.KG видео
31.12.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уну жетпегенден кийин, жандуу ырдабай эле койбойбу!!!
SUPER.KG видео
01.01.2015. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Аккордеонду жөнеле койбоптурда. Для галочки эле көтөрүп чыкканы корунуп турат. Тыңыраак да ойной албаптыр. Өзгөчөлүгү ошол го концерттин
SUPER.KG видео
01.01.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн жакшы уну да сонун бул инибиздин!азамат башында ушундай эле болот да,буга канча убакыт канча каражат кетти дейсинер.Айзат айым сиз алып барганды эле билсениз жакшы болмок калганын эл таразалап алат.Азамат чыгармачылыгыга ийгилик башкаларга конул бурба ит уро берет кербен журо берет.
SUPER.KG видео
02.01.2015. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
саламатсыздарбы админ.быйыл супер концерт болот деп киргизилбеди го?
SUPER.KG видео
02.01.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик,мага кээ бир ырлары жагат
SUPER.KG видео
02.01.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Концертке мен да кубо болдум. Чынын айтсам мага концерт жакты. Жоодарбешим жакшы бала тим эле толкунданып сахнада ырдап турду. Концертте сахнага чон экран коюлганы да башка ырчылардын концерттеринен озгочолонду. Каниет молодец, концертке жугуруп журуп, арыктап калганын байкадым.
SUPER.KG видео
03.01.2015. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам супер инфо. Сурайын дегеним эмнеге видео коргондо загрузка аябай коп болот? Кечке эле загрузка болот?
SUPER.KG видео
05.01.2015. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тим эле красавчик болуп калыптыр го!Жоодарбешим Алга!!!Эмнегедир бул репортажда муздак таштай болгон Айзаттын создору ото жагымсыз болду. Оз ишин мыкты билген журналист деп жургом! Окунучтуу...
SUPER.KG видео
06.01.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Журналист калыс болуш керек. Айзат кыз туптуура айткан. Акыркы убакта окшош концерттер көбөйүп кетти. Ырчылар силер бирөөнү күнөөлөй бербей, иштегиле!!!
SUPER.KG видео
07.01.2015. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алгачкы концерт учун эн эле жакшы денгээлде отуптур, Нурлан Насиптин алгачкы концертине караганда.Нурлан Насиптин концерттери эми гана ушул концертке окшоп ото баштады го. Даже, кээ бир ырчылардын бир неченчи концерти да мындай жакшы отпойт.Ийгилик Жоодар бешимге. Сенден эн мыкты ырчы чыгаарына ишенебиз.Талантына таазим!
SUPER.KG видео
15.01.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы кубо болдум, мен куткондон дагы жакшы болду
Медиа-портал
08.03.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырчы жигитивиз корунбой кеттиго жыл жаныргандан бери...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: