super.kg logo

Борбордо жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

 

Бишкек шаарында жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Окуя 2014-жылдын 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Жолдон өтүүгө даярданып турган 32 жаштагы Бакыт Төлөгөновду "Аламүдүн" базарынын жанынан күмүш түстүү Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн айдоочу качып кеткен. 

Катуу соккудан бир нече метрге учуп барып кулаган жөө жүрүүчү окуя болгон жерден жан берген. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына маркумдун жездеси Искендер Бектуров билдирди.

Ал каргашалуу түнү бала ыйлап, каза болуп калган кайним Бакыт үйүнүн жанындагы дүкөнгө чыккан. Аны катуу ылдамдыкта келаткан Мазда Демио үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу токтобостон окуя болгон жерден качып кеткен. Муну далилдеген видео да бар. Оор жаракаттардан улам Бакыт ошол замат каза болуп калган экен. Биз муну эртең мененки саат 06:00 чамасында уктук. Учурда анын артында 5 жаштагы баласы, аялы жана апасы калды. Эгер бул окуя тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, бул кылмыштын бетин ачууга сиздерден жардам сурайм”,- дейт маркумдун жездеси И.Бектуров.

Ошондой эле бул окуя тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, Бишкек ШИИББи, КРнын ИИМи жана Свердлов РИИБине төмөнкү номурлар аркылуу кайрылыңыздар: (0770) 00-17-17, (0701) 30-00-07.        






Борбордо жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
Медиа-портал
05.01.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактасын мындай бемаал олумдон.
Медиа-портал
05.01.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын
05.01.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги жашоо кайда кетип баратат!!!???Акыр заман келейин деп калган го?
06.01.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай кудай аябай катуу сузуптурго.
06.01.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тунучундо правиланы билбегендер чыгат, дагы гопкон пенде да.
07.01.2015. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын жазасын алсын эми ал айдоочу табылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: