super.kg logo

Борбордогу "Аламүдүн" базарынын жанынан жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу 2 жумадан бери табыла элек

 

Бишкек шаарында өткөн жылдын 27-декабрынан 28-декабрына караган түнү 32 жаштагы Бакыт Төлөгөновду "Аламүдүн" базарынын жанынан сүзүп кеткен айдоочу дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда SUPER.KG порталына маркумдун жездеси Искендер Бектуров билдирди.

“Бул каргашалуу окуя түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Аны көргөн эки-үч күбө да бар. Кайнимди сүзүп кеткен унаанын түсү, үлгүсү да белгилүү. Ал күмүш түстөгү Мазда Демио үлгүсүндөгү унаа болчу. Окуя болгондон бери 2 жума өттү, бирок ал айдоочу табыла элек. Менимче, милиция жакшылап иликтесе, бат эле табылмак. Алар "мындай кырсыктар көп катталып жатат, биз издеп жатабыз" дешүүдө. Бир эмес, 2-3 видео бар, биз күбөлөрдү издеп, элге жардам сурап кайрылганыбызда телефон чалуулар да болгон. Бирок эмнегедир милиция эч кандай илинчек болбой жатканын айтууда”,- дейт И.Бектуров.      

Эске салсак, каза тапкан Б.Төлөгөнов унаа сүзгөндө катуу соккудан бир нече метрге ыргып барып кулап, окуя болгон жерден жан берген. Ал эми айдоочу катуу ылдамдыкта изин жашырып кеткен.

Эгер бул окуя тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, Бишкек ШИИББи, КРнын ИИМине же Свердлов РИИБине төмөнкү номурлар аркылуу кайрылыңыздар: (0770) 00-17-17, (0701) 30-00-07.        






Борбордо жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
05.01.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактасын мындай бемаал олумдон.
Медиа-портал
05.01.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын
09.01.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вот урод а качып кетпей токтоп жардам берсе болотко кочодогу итти сузуп кеткендей кетип калбай. биздин кыргызстанда качан праваны саткан токтотулат экен а?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: