super.kg logo

Ош облусунун Араван районунда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган иш-чара өттү

 

Кечээ, 9-январда Араван районундагы “Аль-Бухарий” мечитинде Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата иш-чара өттү. Облустук казыяттан кабарлашкандай, ага Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев, райондун башкы имам-хатиби Сайидбурхан Сайидходжаев жана башкалар катышты. Жума намазынын алдында райондун акими Курбанбек Айтибаев элди куттуктап, учурда көпчүлүк жетекчилер ислам баалуулуктарын баалап, ыйман жолуна түшүп жатканына токтолду. Ал жамаатты ынтымакта жана биримдикте болууга үндөдү.

Облус казысы Ниязали ажы Арипов сөз алып: "Мухаммед пайгамбар 12-Рабиул аввал айында дүйшөмбү күнү жарыкка келген. Чоң атасы Абдулмутталиб небересинин төрөлгөнүнүн 7-күнү элди чакырып, Мухаммед деп ат койгон. Мухаммед пайгамбар да өзү төрөлгөн дүйшөмбү күнү орозо кармачу. Пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун жана айтып кеткен баалуу осуяттарын турмушта туу тутуп жашоо ага болгон сүйүүбүздү бекемдеп, анын шапаатына жетүүнүн себепчиси болот”,- деди.

Иш-чаранын соңунда келген коноктор жамаат менен жума намазын окушту. Эскерте кетсек, Араван районунун борбордук мечитинен башталган мавлид жөрөлгөлөрү бир ай бою кийинки жума күндөрүндө ар бир айыл өкмөттөрдүн, айылдардын мечиттеринде өткөрүлөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
10.01.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз эмне бир ай майрамдап христиандардай боло баштадыкпы?тарыхка коз чаптырсак бул жоролго жакында эле башталды.Бирок бизге пайгамбарыбыздын туулган кунун белгилоо буйрулган эмес,исламда айтылган мусулмандар силер туулган кун белгилеп христиандарга окшоп калбагыла деп.
10.01.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myrza80, Бизге жаны жыл, туулган кунду белгилегиле деген да буйрук жок, эмне учун мусулман болуп бул майрамдарды майрамдайбыз, жана китепте Пайганбарыбыз Мухаммад С.А.Вдын туулган куну жаны жыл куну деп эсептелет.
10.01.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuzat88, исламда эки эле майрам бар орозо айт,курман айт башка эч кандай майрам жок бирок ислам дининде озунчо агымдар коп ошолор озулорунун тушунугу боюнча ар кандай майрамдарды кошуп алышкан,ошон учун экообуз талашпайлы себеби ото чон илим керек аны учун.Бирок мен уй буломдо 2майрамды майрамдайбыз.
10.01.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
myrza80, тууган!
Бул жерде "Майрам" деп жазылып турганын көрдүңүзбү?
Исламда майрамдардан сырткары "Өзгөчө дата" деген нерсе бар.
Бул жерде майрамап, оюн-күлкү кылып жатышкан жок. Чогулуп, Пайгамбарыбызга салаваттар айтылып жатса керек. Чогуу Аллаһ'ты эстеп, анын расулуна рахмат жана салават айтканды майрам деп эсептейсизби?
10.01.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канткен кундо да алхамдулиллах сен жана мен мусулманбыз... Шугур кылалы Мусулман тууганым...
10.01.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан, жакшы окуса "Иш чара" деп жатат.
11.01.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми отсо оттуу да жон гана иш чарада.
11.01.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбарыбыз САВ ды жакындан таануу башкача айтканда омур байанын уйрону жана салават айтуу деген бойроктон шыйрак чыгарыштын кажети жок ортодон чыккан тушунуп тушунбой майрам жана христиан жана башка дегендердин айынан элге ар кандай тушунуктор таркап атат ошон учун келгиле туугандар илим окууйлу!!!
12.01.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай да майрам бар экенби? Менин оюмча мындай күндөрдү биз ата-эне, чоң ата, чоң эне аркылуу билишибиз керек эле го
12.01.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAFI Сиз пайгамбардын туулган айына карата откорулгон мавлиди ушул убакка чейин билбесениз, маалыматтан бир аз артта калыпсыз. уйунузго жакыныраак мечиттерге барып имамдан сурап алыныз, эгер ата-энеиз бул жонундо билбесе. бугун валентин сыяктуу майрамдарды кимдер майрамдап жургонун билесиз да?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: