super.kg logo

Борбордогу №4-төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн наристенин алмаштырылганы айтылууда

 

"Бишкектеги №4-төрөт үйүндө кечээ, 12-январда жаңы төрөлгөн ымыркай алмаштырылыптыр" деген сөздөр интернеттеги социалдык түйүндөрдүн биринде талкууга алынган. Бул окуя тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен төмөнкүлөрдү маалымдашты: 

"Борбордогу №4-төрөт үйүндө бала алмаштырылган эмес, ал жерде ата-эне менен дарыгердин ортосунда түшүнбөстүктөр чыккан. Төрөт ымыркайдын атасынын катышуусунда өткөн. Бирок бала төрөлгөн учурда атасы бир аз убакытка сыртка чыккан. Атасы сыртта жүргөндө ымыркай төрөлүп, врач-неонатолог аны кароого башка бөлмөгө алып чыккан. Ал эми наристенин энеси “мен эсимде болчумун, баламды көрсөтпөй чыгарып кетип, аны алмаштырып коюшту” деп ортодо түшүнбөстүктөр чыккан. Ымыркай патология менен төрөлгөн. Азыркы тапта бул окуя боюнча тиешелүү текшерүү-иликтөө иштери жүрүүдө. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул окуя тууралуу: “Ар бир ымыркай төрөлгөндө аны врач-неонатолог кароодон өткөрөт. Бул жол-жобо ар бир ымыркай төрөлгөндө жасалып келет. Бул жерде наристенин энесинин "Мага эмне себептен баламды көрсөтпөй чыгарып кетет?" деген суроосунун айланасында түшүнбөстүктөр чыккан. Азырынча иликтөө иштери жыйынтыктала элек. Жыйынтык чыгары менен кеңири маалымат беребиз”,- деп билдиришти. 

Эске салсак, кечээ борбордогу №4-төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энеси "дарыгер дени сак балабызды оорукчан балага алмаштырып койду" деп чыккан. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
13.01.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
генетикалык анализ алса болду
13.01.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анализ эле тапшырса чыгатта,озунун баласыбы же башка экени
13.01.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип дароо алып чыгып кетет,торолгондо эненин курсагына 5 мунот болсо да жаткырчу эле го,болбогон жерден чуу чыкпаса керек.
13.01.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча учун да.
13.01.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул 4-торот уйун жаап эле салыш керек. Антейин десен башка айла жок да. Бала менен эненин анализин алып, текшеришсин. Эгер куноолу болсо жазасын алсын. Бирок мурдагыга карганада ал жакта тартип кучтуу.
13.01.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maripa, ата-энеси азамат экен ызы чуу чыгарып ,акырына чейин жеткириш керек.
13.01.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Төрөгөндөн кийин 2 саат энесинин койнунда жатыш керек го бала. Мисалы, Өзгөндө 2 саат жаткан кызым көкүрөмдө анан алып менин көзүмчө эле текшеришкен боюну, салмагыны айтып турушкан.
13.01.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begimkyz, Жакшы ощондой кылыш керек
13.01.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер алмашылбаган болсо кантет экен ээ ата энеси
13.01.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен да ишенбейм алмашылганына.. Бала патология менен төрөлгөн турбайбы,ата-эне үчүн бул нерсе оор тийип, ишендирип келбей жаткандыр
13.01.2015. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы социалдык туйундо талкууга алынды? Айтып койгулачы супер инфо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: