10 жашар баланын сокур ичегисине операция ийгиликсиз жасалып, анын комага түшкөнү айтылды

10 жашар Касым уулу Аргенге сокур ичегисин (аппендицит) алуу операциясы ийгиликсиз жасалып, ал комага түшкөн. Баланын туугандары акыйкатчыга кайрылганын бүгүн, 27-январда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 6-октябрында баланын ичи ооруп, ал Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал жерде балага сокур ичегини алуу операциясы жасалып, бирок ал эс-учун жоготкон. "Хирург аппендицитти алгандан кийин курсак бөлүгүнүн стерилдүүлүгүн текшерүү максатында дагы бир кесүүнү туура көргөн. Ошентип, операция узакка созулуп кеткен. Ашыкча анестезия алгандан улам Аргендин жүрөгү токтоп калып, ал комага түшкөн",- дейт баланын апасы.
Укук коргоочулардын маалыматтарына таянсак, бул окуя боюнча Жайыл РИИБи кылмыш ишин козгогон, ал эми операция жасаган дарыгерлер кызматтарынан өз ыктыярлары менен четтетилишкен. "Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев кызматтык тергөөнү жүргүзүү жана балага керектүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча саламаттыкты сактоо министрине кайрылган. Бул мекемеде аталган окуяны тергөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Баланы Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткыруу боюнча чечим чыгарылган",- деп билдирди басма сөз кызматы.
"Дарыгерлердин айынан уулум майып болуп калды"
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Туура айтас баарысы азыр акча менен бутуп жатышат. Анан мен окуну буттум , эми медикмин деп чыга келишет.Бирок эчтекени билбейт....Мындай дарыгерлерди негизи жок кылыш керек, канча адамдардын омурлору кыйылып жатат дарыгерлердин шалаакылыгынан.
Ал эми балакай батыраак сакайып кетсин!