Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев дүйнө салды
5-февралда Кыргыз Эл сүрөтчүсү, III даражадагы Манас орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жоомарт Кадыралиев дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 7-февралда кичи мекенине коюлат.
Жоомарт Кадыралиев 1946-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 1966-жылы Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн.
Ал 1995-жылы Таласта "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арналган мааракеде ачылган "Манас" этнографиялык комплексин түзгөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:22
2026-09-19
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Ыйманы саламат болсун...