Москвада кыргыздардын атышуусунан бир адам каза болуп, үчөө ооруканага жеткирилди

Москвада кыргыз мигранттары бири-бири менен атышып, бир адам каза тапты. Дагы үчөө оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 9-февралда жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жаңжал калаанын түндүк-чыгышындагы кафелердин биринин жанында орун алган, окуя толугу менен көчөгө орнотулган видеобайкоого тартылып калган. Кийин полиция кызматкерлери келип, окуя болгон жерди тинтүүгө алып, ал жерден тапанчанын огу табылып, экспертизага жиберилген. Окуяга ал жердеги жашоочулар да күбө болушкан.
Ошондой эле мушташка катышкандардын бири кармалып, ал полицияга мушташтын себебин жана ага кимдер катышкандыгын айтып бергени маалымдалды.
Москвада кыргыздар бири-бири менен атышышып, бир адам каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Бир эмес бир топ кумалак экен го
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Коомдук этиканы сактаңыз.