|
Бил, билегой жаным,
Мен сүйүүмдөн жаңылдым.
Кел, келегой жаным,
Бир өзүңдү сагындым.
Кайырма:
Ох, эй, кайрычы караба,
Жок сүйүүдө садага.
Эй, кайырчы сагада, магада,
Жок сүйүүдө садага.
Мен жоготтум сени,
Ак гүлүмдү бердим
Сен кечиргин мени,
Ак сүйүүмдү сездиңби.
Алсырап калдым мына бүгүн,
Жакыным сенден бөлүнүп.
Арманда калдым жалгызым,
Бакытым калды түңүлүп.
Кайырма:
Асылым элең го сен менин,
Ардагың элем мен сенин.
Түбөлүк бирге жашай албай,
Айрылдык эки барактай.
Тагдыргы толук башың ийип,
Мусапырдын кейпин кийип.
Өксүктө калдым жалгыз бүгүн,
Асылым сенден бөлүнүп.
Кайырма:
Азыпка салдың го сен мени,
Аргасыз бөлүнөбүз эми.
Жыргап бир калсын душмандарыбыз,
Мейли биз эми ажырашабыз.
Тагдырың жазганына, таарынба, жаным, мага.
Кеч келген бул жашоого, кечиктиң, айла канча?
Сүйөм деп неге айттың?
Жанымды кыйнадың да.
Билесиң үй-бүлөм бар, аларды ойлодуңбу, аларды ойлодуңбу?
Кайырма:
Сүйбөдүм, сүйө албадым,
Сүйгүн деп кыйнабагын.
Ай кызым, жан баламды
Сен үчүн кече албаймын.
Жанымды кыйнабагын,
Баары бир сүйө албаймын,
Жалгызым түгөйүмдү
Сен үчүн кыя албаймын.
"Сүйүүнү билбейсиң" деп айыпты койбо мага,
Азабын бул сүйүүнүн тартканмын сенден башта.
Мончоктоп көз жашыңды агызба, агызбагын,
Чын сүйүү эми келет, күтө тур эселегин, чыдай тур эселегин
Сүйбөдүм, сүйө албадым,
Сүйгүн деп кыйнабагын.
Ай кызым, жан баламды
Сен үчүн кече албаймын.
Жанымды кыйнабагын,
Баары бир сүйө албаймын.
Жалгызым түгөйүмдү
Сен үчүн кыя албаймын.
Ыйлаба, ыйлабагын,
Сыздаба, сыздабагын,
Кечиктиң бул сүйүүдөн,
Кечиргин, сүйө албаймын.
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Сөзү : Эсеналы Кушчуевдики
Обону : Эсеналы Кушчуевдики
Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазар тең курбум,
Ой тобо, жана, жана
Жайлообуз бирге болгон жок.
Кыргыек деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок.
Кызыктуу менин сүйүүмө,
Ой тобо, жана, жана
Кыштообуз бирге эле болгон жок.
Агарып аткан таң менен,
Аркарлар оттойт кумайда.
Алыска кетип калат деп,
Ой тобо, жана, жана
Асылкеч курбум муңайба.
Ар бир жылдын өз алдынча шарты бар,
Ар бир жылдын өйдө-ылдый наркы бар.
Ар жылдын айтып бүткүс адамдар,
Ар бир жылдын өмүр-тирек баркы бар.
Кайырма:
Асманыбыс ачык болсун, көгөрсүн,
Ар бир үйдө перзентибиз төрөлсүн.
Ачык маанай, тынчтык күндү алып кел,
Ата – Журтум бейпилдике бөлөнсүн.
Келген жылым кейитпеген кеме бол,
Келген жылым бар турмушка белең бол.
Келген жылым кексөөлөргө жол бербей,
Кек сактатпас кереметтүү терең бол.
Кайырма:
Ойлогон ой, кабыл болсун тилектер,
Орчун иштер аткарылсын тилектер.
Оорулуулар сакайышсын дем бергин,
Онтобостон таза соксун жүрөктөр.
Кайырма:
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : Т.Зулпуевдики
Бул таңды тоскондой соңку ирет,
Соңку ирет көл жээкте калгандай .
Кыйылам кайыктан ыр келет,
Белгисиз, дайынсыз армандай?
Кайырма:
Кайдасың досум, кайдасың курбум?
Кайдасың ушул таңда?
Толкунсуз жээктен, үмүтсүз жээктен,
Узадым алыстадым.
Көл бети толкунсуз табышмак,
Өзгөчө таң тостум бүгүн мен.
Кайыктан ыр дагы алыста,
Мен ага, ал мага күүгүмдөй.
Кайырма:
Мен эми кайда кетип, кайда барам?
Багытым калды сынып карып сапар.
Ырчыдай басып өткөн араң, араң,
Сүйүүнүн ок жолундай жолум татаал.
Кайырма:
Буюрбас жөрөлгөгө айып күнөө,
Жөн гана өмүр жолу ал бир эски.
Сага эми жолукса экен мендей бирөө,
Болбосо менден жакшы, менден эстүү.
Аз- аздап көнгөндүрсүң тагдырыңа,
Турмуштун тартиби бар бурула алгыс.
Мен көндүм бардыгына, баардыгына,
Тирүүлүк бир жолу экен кайталангыс.
Сөзү : Асанбек Иманбаевдики
Обону : Кубанычбек Осмоновдуку
Ат чапсаң ат мыктысын алыстаткан,
Арт жакта азаматтар калып жаткан.
Санаага чөгүп кетип бүт карааның,
Саматтырдың далайларды алыс жактан.
Кайырма:
Ээй, тоолук кыз, о-ой тоолук кыз,
Тойбойм сенин элесиңе,
Топ жигиттер ашыкпыз.
Кайратың карды үшүтөт чыкыроондо,
Ажарың айды үркүтөт түнкү тоодо.
Өрттөнүп кетеби дейм боз уландар,
Өзүңө жакындашып бир болгондо.
Кайырма.
Чабандык кесип – сенин баатырдыгың,
Чабалдык кылат эрдин баатырдыгын.
Кошулсаң сага шаардык даяр эле,
Койчу болуп берүүгө макулдугун.
Кайырма.
Аздан кийин чыгамын түпсүз түнгө,
Кетсем мейли мен жоголуп.
Калат үйдө уктатпаган мени жансыз,
Кароолдогон жалгыздык.
Чыракты үйлөп өчүрөм да,
Эшик аттап чыгар менен ,
бул дүйнөңдөн жок болом.
Таңда мага каттар келмек,
Алыстагы курбулар, достордон.
А менин кайрыларым, кайрылбасым ,
Элейишкен дарактардай белгисиз?.
Каттар күтөр жазда -жайда,
Терезеден ташталган.
Эрксиз учуп жалбырактар,
Жалбырактар бактардан, келер күз.
Билинбестен биздин үйгө келер күз,
Күздө кайтып балким мен да келермин.
Атымды айтып сагынычтуу шыбырап,
Бут алдымда жалбырактар шуудурап.
Эшик ачпай балким кирем мен үйгө,
Кичинекей жыл ойногон көп жылдар,
Эсиңде бекен жамгыр жааган чабылык
Бурчта турар жашыл чырак жагылып.
Күндүр бою бул үйдө өчпөй от күйөр,
Түндөр бою жамгырлар чабар айнекти.
Түндөр бою кат жазып отурармын,
Досторум , ай, алыскы.
Жаздар жайнаар карегимден төгүлдү,
Кагаз, сыя, сагынычым да түгөнүп.
Каттар жашыл кагаздарда чапталар,
Уктайм балким таң алдында жай тынчып.
Сөзү : И.Сооданбеков менен А.Өмүралиевдики
Обону : Кыдыкбек Усупбаевдики
Тоолоруң асман тиреп түштүк жагың,
Арасы толгон токой карагайың.
Аралап черди жазсаң өскөн жерде,
Элестейт өтүп кеткен бала чагың.
Түркүн куш сайрап турса күүсүн чертип,
Көрктөнөт көлдүн жээги "Карабагың".
Көп жылдар куштай учуп агылууда,
Жык толук Барскоонду сагынууга.
Болбойт ээ атаганат, балалыктын,
Сенде өткөн бир күнүнө кайрылууга.
Өзүңдөн кымбат баалуу эч нерсе жок,
Биз даяр карааныңа кагылууга.
Кызарып күн батканда сонун көркү,
"Көк-Дөбө" жакты бир аз карап көрчү.
Көз жоосун алып турган кереметтүү,
Чалкыган ак толкундуу Ысык-Көлчү.
Барскоон – жер соорусу ыйык жергем,
Кылымдар гүлдөп өсүп жашай берчи.
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Көл жатат көңүлдөй таптаза,
Тереңге жашырып сырларды.
Толкундар токтоосуз шарпылдайт,
"Күтпө – деп сүйүүдөн жыргалды".
Кайырма:
Анда эмесе, ак толкундар,
Өмүр бар, махабат бар.
Бир өрттөнбөй тун сүйүүгө,
Бул жашоого канбайт кумар.
Тун сүйүүгө канбайт кумар.
Сагыныч сапары карыбайт,
Саналуу үмүтүм жамгырлайт.
Толкундар бушайман көл калат,
"Кайрылбайт, ал сүйүүң кайрылбайт".
Кайырма:
Өмүрлөр түгөнөөр закымдап,
Өткүндөй жаап өткөн ирмемге.
Толкундар шыбырайт, шыбырайт:
"Жетпейсиң, жетпейсиң сүйгөнгө".
Жай айы көлдүн жээги,
Жайдары салкын жели.
Жабырап майда толкун,
Жарышат ары-бери.
Көл жээкке тийе качып,
Көбүктөр кубалашып.
Көл сүзөт ал ансайын,
Көкүрөк турат шашып.
Кайырма:
Сүйүүмдүн кайырмагы,
Суупери анын аты.
Сыр кылып айтып баргын,
Сызылып сагынганды.
Махабат кайырмагы,
Мага бер кайрып аны.
Мага деп буйруп койгон,
Маңдайга жазылганы.
Ойкушат делбектешип,
Ойногум келем дешип.
Ойду тээп ала качып,
Оюнду кезектешип.
Супсулуп кургурн жүрөк,
Сууларды келет жиреп.
Суп сулуу үмүттөрдө
Сууперим бийлеп жүрөт.
Кайырма:
Алыстан сага келем, алыс жактан,
Элесиң тынчымды алып учат ак куудай.
Ал мени десте кармап тосподу,
Ошондо тээ алыстан узатчудай.
Гүл кармап жалгыз келдим кечиргиле,
Жанымда силер билчү сүйгөнү жок.
Унчукпайсың сездиң беле, сездиң беле,
Бүт тааныш, көзгө сүйкүм туш тарабың,
Гүл кудум биздин убактагы.
Жаштарга кыналышкан суктанамын,
Биз сындуу, биздин ошол курактагы.
Ал мени сезиминен чыгарыптыр,
Жалгыз сен кайтып мага гүл кармадың.
Ак сүйүүм ак гүлүңдө калыптыр,
Дайым жаш, дайым сырдуу гүлзарларың.
|