|
Сөзү : Атай Огонбаевдики
Обону : Атай Огонбаевдики
Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан-Жайлоо деген бийик бел,
Ошого кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кара көз, ай,
Кадырды билсең өзүң кел.
Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Ак жоолук салып түрдөнүп.
Айылыңды таап жете албай,
А мен жүрөм,
Адашкан тайлак өңдөнүп.
Сөзү : Өмүркул Кулумбаевдики
Обону : Кубанычбек Осмоновдуку
Энекебай, оо, ыйыгым, ыйыгым,
Энекебай, оо, кымбатым, уюгум.
Алып келип тамырыңан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.
Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап.
Апакебай, кара чачың ак болуп,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.
Канча түнү уйку көрбөй терметтиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип азыр алыс жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним.
Жанган сезим отун, үмүт шамын,
Арман, караңгы түн бүгүн басты.
Уга, угалбайм эми сенин үнүң,
Муздай сынып калды жүрөк сүйүүм.
Кайырма:
Сынган кылыч, аны кайра бүтөп,
Чаба албаймын эми, чаба албаймын.
Сынган сүйүү, аны кайра күтөт,
Сүйө албаймын, сени сүйө албаймын.
Тагдыр бизди бөлөк бөлөп салды,
Кайгы торуна чырмады, камады.
Унут эми мени, назик гүлүм,
Кургай сынып калды жүрөк сүйүү.
Ырдап койчу, добушуңду угайын,
Сен ырдасаң мен кубанып турайын.
Карай берип көздөрүңдү канганча,
Кулак талып кумарыңа тунайын.
Ырдап жатып бир көз кысып койбосоң,
Кантмек элем, кала берем муңайып.
Ырыңды уккан мүнөзүңдү көрөйүн,
Кыялданып аба жирей жөнөйүн.
Тааныша алсаң, түбөлүккө кол сунуп,
Таалайымдан тартуу кылып бөлөйүн.
Абалыма анча көңүл бөлбөсөң,
Амал канча, тагдырыма көнөйүн.
Мына, курбум, бүгүн сүйлөп, ырдап кой,
Көңүл эргип толкундасын, жыргап кой.
Кабарыңа ашык болгон селкиге,
Күчүң жетсе, кашың серпип ымдап кой,
Жашоо үмүт, кубанычта өтсүнчү
Жалын менен жүрөгүмдү сырдап кой.
Сөзү : Биримкул Курманкуловдуку
Обону : Үсөн Сыдыковдуку
Кыялдын чертип кылдарын,
Кыйнайсың неге, жыргалым.
Отурсам-турсам тынчытпай санаа,
Оюма түшөт мурдагың.
Жабыгып жапа чекпейин,
Жанар тоо болуп кетпейин.
Аясаң ая тезирээк мени,
Алоолоп барып өчпөйүн.
Аралап жаштык бульварын,
Айтышып сүйүү ырларын.
Жүрөктү арнап, жүрөккө дайым,
Жүрөлү келчи жыргалым
Гүлдү көрүп, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Аңкыган жыт ошол мага туу болуп,
Жүрөккө дем, өмүргө ынак гүл болуп.
Доорун сүрүп, элин мактап жактырар,
Доско кайрат, душман, кастар уул болуп.
Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр, чиркин, өйдө көздөй акпаса.
Гүлдү көрүп, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды чыйырларда менин издерим.
Көзүм түшүп, көңүл дегдеп өмүрдө,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Сөзү : Молдогазы Токомбаевдики
Обону : Жумамүдүн Шералиевдики
Санаалуу көңүл ачылып,
Саргарган кайгы басылып.
Жүрөк бир балкып, жүз жарып,
Кызыл туу бийик асылып.
Айкалышып жыргалга,
Алга карай талпынып,
Жарк эткен Жаңы жылда,
Барбы эсиңде, Жибекчач?
Жүрөктүн назик тамыры,
Сүйүүнүн ысык жалына.
Көңүлдө гүлдөй бүр байлап,
Жаштарга гана тийип жарыгы.
Кызга жигит теңтуш деп,
Кыя тиктеп бардыгы,
Даңкын сүрөп чыгарган да,
Элиң сендик, Жибекчач.
Сен мени узатып бара жаттың,
Ачпачудай эч бир сырды кайра жутуп.
Күтөмүн сени мен,
Күттүрбөй келчи сен.
Ар жыл күтүп жолдоруңду,
Сагындым сени мен.
Биз жүргөн айлуу түндөр артта калды,
Биз үзгөн жыпар гүлдөр жатка калды.
Күтөмүн сени мен,
Күттүрбөй келчи сен.
Ар жыл күтүп жолдоруңду
Сагындым сени мен.
Сөзү : Төлөн Шамшиевдики
Обону : Калыйбек Тагаевдики
Тососуң жолумду,
Кармайсың колумду,
Жактыра бербеймин,
Жайдарым мунуңду.
Алмалуу бак менен,
Аралап келем мен.
Аптыгып чыгасың,
Алдымдан дагы сен.
Жайдарым,
Ардагым,
Күйүгөсүң, алды жактан жолугуп,
Сөз айтасың, теңтуш курбу бололук.
Бир жигит жылмаят,
Уялам жер карап.
Көнүшүп басканда,
Көчөнү шаң кылат.
Эки жаш чоң кубат,
Курбулар чогулат.
Жүрөктөр кубанат,
Шаттык ыр уланат.
Жаштык ыр,
Шаттык ыр,
Көңүлдү кандай сонун жыргатат,
Топ жаштар жыргал менен баратат.
Сөзү : Чубак Сатаевдики
Обону : Чубак Сатаевдики
Биз таанышып жазгы күндө,
Бирге жүрдүк жамгырлуу түндө.
Жаш баладай жаздын күнү,
Күбө болгон сүйүүмө.
Кайырма:
Бүгүн дагы жаз жамгыры,
Тереземди черткилейт.
Үмүт менен күтөм сени,
Жазгы сүйүүм келет деп.
Коштошкон күн али эсимде,
Жамгыр төккөн себелеп.
Жамгыр менен кошо ыйладым,
Жазда күткүн келет деп.
Кайырма:
Бүгүн дагы жаз жамгыры,
Тереземди черткилейт.
Үмүт менен күтөм сени,
Жазгы сүйүүм сени эстеп.
|