|
|
Сөзү : Акжол Канатбек уулунуку
Обону : Акжол Канатбек уулунуку
Деңиздеги жалгыз калган кайык сымал,
Шамалы жок дарегимден жылбай турам.
Айнек үйгө камакталган балык сымал,
Тагдырымдын тардыгына сыйбай турам.
А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.
Жер-асмандын ортосунда түркүк болуп,
Табияттын же мыйзамын мен буза алармын.
Алтын тордон бошотууга бүркүт болуп,
Канат күүлөп сен тарапка сыза алармын.
Анткени сен чыгарасың туңгуюктун торунан,
Буулукканда бир өзүңө
жолугам.
Кубат алам көздөрүңдөн алган жообуман,
Себеби билем, менин жеңилүүгө жолум жок,
Бир өзүңдөн башка жанга орун жок,
Эч жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө.
Анткени сен мага дем бересиң, жел бересиң,
А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.
Сөзү : Акылбек Кариповдуку
Обону : Акылбек Кариповдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Токтомидин Жолдошовдуку
Обону : Токтомидин Жолдошовдуку
Жалгызым, жалгыз сага жаны ыр жаздым,
Жараткан берген мага сенсиң багым.
Жанымда бир азга сен, сен жок болсоң,
Жабыркайм кадимкидей, алган жарым.
Кайырма:
Алган жарым, менин жаным,
Ардактап сүйөрүм чын, сени дайым.
Көбөндө соолуп турган, жүрөгүм сен,
Кайгырсам караан болуп, турарым сен.
Сүйүнсөм сүйүнчүлөп,айтаарым сен,
Жашоомдун жакшылыгы өзүң менен
Кайырма:
Алган жарым, менин жаным,
Ардактап сүйөрүм чын, сени дайым.
Мээримиң чачып турчу жалгыз мага,
Мээримим эриймин го жалгыз сага.
Жараткан сүйүү ырым баары сага.
Жашоодо жалгыз сүйүүм өзүң гана
Кайырма:
Алган жарым, менин жаным,
Ардактап сүйөрүм чын, сени дайым.
Сөзү : Э.Түмөнбаевдики
Обону : А.Сүйүнбаевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сени менен ачамын
Өмүрдө достук барагын,
Жалгыз менин бир тууганымдай.
Жашоо турмуш ырыңды
Жан дүйнө жүрөк сырыңды
Сезип турам ар качан
Кайырма
Жан курбум дайыма - шам чырагым,
кубаныч кайгыңда жаныңдамын.
Жашоодо мен сенин канатыңмын,
менин курбум- жалгыз курбум
Өзүң барсың мен үшин
Мен бармын курбым сен үшин
Жылдар, айлар алыстасада
Бырге шыгып ойымыз,
Тең болмасада жасымыз
бырдей быздын жанымыз
Кайырма
Жан курбым жанымда жан шырагым,
Куаныш кайгыда жаныңдамын
Самгасаң мен сенын канатыңмын
Менин курбым- жалгыс курбым
Улутубуз, жаныбыз болсо да башка каныбыз,
Жашоодо мен сенин- канатыңмын.
Менин курбум- жалгыз курбум.
Кайырма(кырг)
Жан курбум дайыма - шам чырагым,
кубаныч кайгыңда жаныңдамын.
Жашоодо мен сенин канатыңмын,
менин курбум- жалгыз курбум
Сөзү : Ж.Абдраимовдуку
Обону : М.Баековдуку
Ар бириңер кымбат, асылсың,
Бир туугандай жанга жакынсың.
Чогулалы, майрам куралы,
Сагынычтан черлер жазылсын.
Кайырма:
Кандайсынар, классташтарым!
Ачык болсун, дайым асманың.
Бала кезди эстеп алалы,
Окуучулук күнүм жашагын.
Жолугушуп турбай ар айда,
Убакыттар учту далайга.
Амандашып, барып кайталы,
Кабарлашып, эже-агайга.
Саламдашып,эже-агайга.
Сөзү : Б.Карыбековдуку
Обону : М.Мамбетовдуку
Алгачкы кадам, тай-тайлап баскан,
Эсимде Ай кызым.
"Ата"-деп алгач тилинден сенин,
Бакытка балкыдым
Ак тилек менен бешике бөлөп,
Алдейлеп, Ай кызым.
"Апа"-деп айткан, тилиңден сенин,
Бакытка балкыдым.
Убакыт учуп, узатып турам,
Уяңдан Ай кызым.
Урматта кайын журтуңду сыйлап,
Ак жолуң ачылсын.
Ажарлуу келин, мээримдүү эне,
Атына татыган.
Ардакта кайын журтуңду сыйлап,
Аман бол, Ай кызым.
Байлыкка эмес, батага толсун,
Көшөгөң Ай кызым.
Батамды берип узатып жатам,
Бактылуу бол кызым,
Ийменип кайын атаңа дайым,
Алкышын ал кызым.
Ийилип кайын энеңе дайым,
Батасын ал кызым.
Карааным менин, карегим демим,
Канатым Ай кызым.
Колумдан сени учуруп жатам,
Куш кылып Ай кызым.
Кыялкеч бала,балапан канат,
Эркелең Ай кызым.
Өксүбөй дайым ырыскың толуп,
Бактылуу бол кызым!
Өмүрдүн отун өчүрбөй улар
Өзүңсүң Ай кызым.
Өксүбөй дайым, ырыскың толуп,
Бактылуу бол кызым!
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : А.Чойбекованыкы
Обону : Шамшыбек Өтөбаевдики
Урматына Манастын дүйнөдөн эл келишти,
Кылым айтып түгөткүс кызык тойду көрүштү.
Түнкү уядан Ала-Тоо - ат чабыштын марасы,
Күлүктөрдүн күлүгү сыналышат карачы.
Кайырма:
Ат келет, аттар келет,
Желдей учуп бат келет.
Дүңгүрөтүп Жер шаарын Аккуладай арышы,
Бабалардын салты экен, аргымактар жарышы.
Куштай учуп-сызышат, тоо-талааны калтырып,
Кетери чын, ким чыкса, сыйлыктарды артынып.
"Ат - адамдын канаты" деген сөз бар элимде,
Ат туягы баспаган жер жок чыгар жеримде.
Куйрук-жалы төгүлөт, көз кандырат сымбаты,
Жакшылыкта той берген кыргыз элим кымбатым.
Сөзү : Аман Айылчиевтики
Обону : Өзбек элиники
Сөзү : Аман Айылчиевтики
Обону : Аман Айылчиевтики
Жел жүрсө бийлеп, сайран куруп,
Толкундар көлдө ойногон.
Ак Куудай канат жайган булут,
Кылаалап көлдө бойлогон.
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырларындай.
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай.
Түнүндө көлдүн көркүн карап,
Толгон ай сызып баратат.
Ак Куудай көлдүн көркүн карап,
Көргөндө көзүң талашат.
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырларындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай
Чардактар кайкып баспай чуусун,
Ысык-Көлүм толкуп жаткан.
Учуруп кыздар кардай куусун,
Шаңкылдап боорлору каткан.
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Сүйүүнүн ырларындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Махабат ырларындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Махабат ырындай
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Кыялымда кезигемин өзүң менен,
Ар түркүн ойго термелем.
Сага гана сезимдерим жалындаган,
Жүрөктүн ээси сен белең.
Билбедим, сездиңби,
А балким, байкабадың аны сезбедиң,
Билбедим, келдиңби
Бакытыма жазып сени.
Кайырма:
Сен дегеним, сен деген оюм сендеген.
Таңым атып, күн батат сага жетелеп
Сен дегеним, сен деген оюм сендеген
Сүйүп барам жалындап, билбейм эмнеге.
Суранам унутулбас белек болуп,
Жүрөктө кала берчи деп.
Кези келет сен эч кимге арнабаган,
Суйүүмдү алам энчилеп.
Билбедим, сездиңби,
А балким, байкабадың аны сезбедиң,
Билбедим, келдиңби,
Бакытыма жазып сени.
|