|
|
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Табылды Актановдуку
Дарактын жалбырагындай, кагаздын калдырагындай
Үлбүңдөп желге турасың, чыракта алсыз жалындай
Чыракта алсыз эй жалындай
Мылтыктын тунган үнүндөй, мышыктын жумшак жүнүндөй
Өтөөрсүн көптү алмашып, өмүрдө өткөн билинбей
Өмүрдө өткөн эй билинбей
Кеч күздүн муздак желиндей, кетилген даттуу темирдей
Көзүндөй сынган ийненин, сөзүндөн сындың төгүнбөй
Сөзүңдөн сындың эй төгүнбөй
Жоголгон бычак сабындай, жылуусуң оттун табындай
Өкүнөөр эч бир нерсем жок, өзүңдү калдым сагынбай
Өзүңдү калдым эй сагынбай
Сөзү : Мирбек Масалиевдики
Обону : Мирбек Масалиевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Алло, алло, бул сенсиңби? Кандай? Салам!
Ооба, ооба, тааныдыңбы? Жүрөм аман.
Качан келдиң? А мен болсо күттүм сени,
Сагынычым күйүп, күчөп санаам.
Кайырма:
Жолугалы, гүлүм, жолугалы,
Жоодурашып жолоочудай кеп куралы.
Табигаттын жыпар гүлүн бирге тутуп,
Жолугалы, гүлүм, жолугалы.
Телефонду шыңгыратып бир далайга,
Жооп угам, ал келет дейт ушул айда.
Бирок бир күн бир кылымга тете болуп,
Шыңгыратып сурайм кайра, кайра.
Кайырма:
Алло, алло, бул сенсиңби? Кандай? Салам!
Ооба, ооба, тааныдыңбы? Жүрөм аман.
Качан келдиң? А мен болсо күттүм сени,
Сагынычым күйүп, күчөп санаам.
Сөзү : Чубак Сатаевдики
Обону : Чубак Сатаевдики
Сөзү : Аман Айылчиевики
Обону : Аман Айылчиевики
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Баян Акматовдуку
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Баян Акматовдуку
Сөзү : Ишенбай Мухтар уулунуку
Обону : Ишенбай Мухтар уулунуку
Өмүрдү барктап, сезбеген арбын,
Балким кебирлер түшүнөт баркын.
Кимдир бирөөгө аесуз курсуң,
Кимдир бирөөгө аябай зарсың
Кайырма:
Өмүр, өмүр биз деп жанасың
Өмүр, өмүр ойго саласың
Өмүр, өмүр колуңда сенин
Кимди, кай жерден, качан аласың
Таталбай өмүр даамын кетирип,
Жүргөндөрдүн бул күндөрдү эскерип.
Ойлоп алып мен да бир күн кетерим
Жаш жүрөгүм жашагымды келтирет.
Кайырма:
Өмүр, өмүр биз деп жанасың
Өмүр, өмүр ойго саласың
Өмүр, өмүр колуңда сенин
Кимди, кай жерден, качан аласың
Адамдык бизде пейил оңолбой,
Эскирип барат такыр колдонбой.
Убактылуу күндү гана өткөрүп,
Жүргөндөйбүз көп нерсени ойлонбой.
Кайырма:
Сөзү : Гүлжигит Сатыбековдуку
Обону : Гүлжигит Сатыбековдуку
Алдадыңбы, алдандымбы,
Билдирбедиң кабарыңды.
Таштадыңбы, ташталдымбы,
Сагындым го жамалыңды.
Кайырма:
Сагынам, сагынам, сагынам дагы да,
Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда.
Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным,
Берекем, берекем, жүрчү жанымда.
Таарындыңбы, таарынттымбы,
Балким, өзүм жаңылдымбы.
Бактым менин, кайрыл деймин,
Сени сүйөм, жаным менин.
Кайырма:
Сагынам, сагынам, сагынам дагы да,
Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда.
Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным,
Берекем, берекем, жүрчү жанымда.
Сөзү : Руслан Акылбековдуку
Обону : Руслан Акылбековдуку
Сөзү : Совет Урманбетовдуку
Обону : Шеркул Дүйшөналиевдики
|